УЛУТТУК БАНК УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН ЭСЕБИНЕН ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКТЫ ТОЛТУРУУГА ТЫЮУ САЛДЫ

№801 9-март -15-март, 2018-ж.

Улуттук банк уюлдук телефондун эсебинен электрондук капчыкты толтурууга тыюу салды. Аталган мекеме «Кыргыз Республикасынын электрондук акча жөнүндө» токтомунун жобосун бекитти. Ага ылайык, электрондук капчыктын иш багытына тыюу салынбайт. Бирок электрондук капчыкты пайдалануу, толуктоо сыяктуу айрым жагдайларга тактоолор киргизилген. «Учурда колдонулуп жаткан электрондук капчыктар бардыгы азыркы учурдай эле жеткиликтүү болот. Токтом күчүнө киргенге чейин уюлдук байланыш операторлору өз абоненттери – электрондук капчыктын ээлери менен тиешелүү иш-чараларды өткөрүүсү зарыл»,- деп айтылат Улуттук банктын түшүндүрмөсүндө.
Улуттук банк мындай тыюу салуучу кадамдарга керектөөчүлөргө коопсуз кызмат көрсөтүү жана ар кандай мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу үчүн барып жатканын айтууда. Ал эми Уюлдук операторлор ассоциациясынын билдиришинче, буга чейин уюлдук компаниялардын мобилдик капчыгына байланыштуу бир да мыйзам бузуу жана мүчүлүштүк катталган эмес. Уюлдук операторлор Улуттук банктын бул чектөөсүн атаандаштыкка бут тосуу деп баалап, технологиялар өнүгүп жаткан заманда мындай чечим туура эмес деп эсептейт. Ассоциация банктын электрондук капчыгына караганда уюлдук операторлордун электрондук капчыгынан жарандар көп пайдаланат дешет. Бул талаш көпкө созулуп, аягы Улуттук банктын уюлдук операторлордун электрондук капчык кызматын тыюусу менен жыйынтыкталды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо