БИШКЕКТИН НАСОСТУК СТАНЦИЯЛАРЫН ЖАҢЫЛООГО 21 МИЛЛИОН ДОЛЛАР САРПТАЛАТ

№802 16-март -22-март, 2018-ж.

«Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынын насостук станцияларын оңдоп-түзөө үчүн 21 миллион 200 миң доллар насыя алынганы жатат. Бул сумманын 3 миллион доллары гранттык, калганы кредиттик каражат. Насыялык келишимди Жогорку Кеңеш 15-мартта ратификациялады. Мыйзам эми президент Сооронбай Жээнбековдун кол коюусуна жиберилет.
"Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын түтүктөрүн алмаштырууга 21 миллион доллар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынат. Келишимге 2017-жылы 31-октябрда кол коюлган. Буга чейин келишимди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырып, парламент депутаттары 2 окууда колдоого алышкан.
Расмий маалыматка таянсак, Бишкек шаарында жалпы жылуулук түтүктөрүнүн узундугу 430 чакырым. Энергетиктер учурда анын 70 пайызы, тагыраагы, 328 чакырымы жаңыланууга муктаж экенин айтып жатышат. Эскилиги жеткен түтүктөрдү 100 пайыз алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар керектелет. Бишкекти жылуулук менен камсыздоо тармагы оор абалда экенин быйыл ЖЭБдеги өндүрүштүк авария көрсөттү. Эске салсак, 2013-жылы Бишкектин жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алынган. Жаңыланып бүткөн ЖЭБде быйыл техникалык кырсык болуп, баш калаанын эли 5 күн суукта калды. Учурда 386 миллион доллар кандай пайдаланылганын Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы иликтөөдө. ЖМКларга жарыяланып кеткен документтерге таянсак, ЖЭБди жаңылоо долбооруна жабдыктар базар баасынан бир нече эселеп кымбат көрсөтүлгөн. ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу "ЖЭБ техника-экономикалык негиздемеси жок жаңыланган, сумманы 386 миллионго чыгаруу үчүн бааларды асмандан алып эле жаза беришкен" деп ЖЭБди жаңылоо долбооруна жооптууларды күнөөлөп жатат. Айта кетсек, 2013-жылы ЖЭБди модернизациялоону башкаруу тобу түзүлүп, аны Темирлан Бримкулов жетектеген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо