БИР БҮРКҮМ. ОРУСИЯНЫН «КАРА ТИЗМЕСИНДЕ» 77 МИҢ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ БАР...

№802 16-март -22-март, 2018-ж.

  • 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ИЧКИ ДҮҢ ПРОДУКЦИЯСЫ (ИДП) 5,5 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Аталган маалыматты Улуттук банктан таратышты.
  • Орусиянын «КАРА ТИЗМЕСИНДЕ» 77 миң Кыргыз жаран бар. Алардын 27 миңин «кара тизмеден» чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
  • Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Фархат Иминовдун ордуна МАРЛЕН МАМАТАЛИЕВ келди.
  • Бишкек шаарында 2018-жылдын эки айында 500 ТҮП бак-дарактын көчөтү отургузулду. Дагы 11 667 түп көчөттү отургузуу пландалууда.
  • 2018-жылдын алгачкы 6 айында 292 спортчу мамлекеттен жалпы 14 миллион 916 миң сомдук СТИПЕНДИЯ АЛАТ. Алардын 11и эң жогорку – 45 миң сомдук стипендияга ээ болушат.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси НУРХАНБЕК МОМУНАЛИЕВДИН отставкага кетүү боюнча арызын кабыл алып, аны ээлеген кызматынан бошотту.
  • Кыргыз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) «ЭҢ БАКТЫЛУУ ӨЛКӨ» рейтингинде 156 мамлекеттин ичинен 92-орунду алды. Былтыр 98-орунга жайгашкан. Ал эми 1-орунду Финляндия алса, 156-орунду Бурунди өлкөсү ээледи.
  • Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп КАРИМ КОКРЕКБАЕВ дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Айымдос Бозжигитов аркалап келген.
  • Өкмөт мектеп ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАМАГЫ үчүн 2018-жылы 555 миллион 941,7 миң сом бөлдү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 121 миң сомго көп.
  • Бишкек шаарына апрелден тарта Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу берилген насыяга 52 жаңы ТРОЛЛЕЙБУС сатып алынат.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо