ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 19-марттан 25-мартка чейин

№802 16-март -22-март, 2018-ж.




КОЙ (21.03-20.04)
Ийгиликтер азая баштады деп капаланбаңыз. Жетекчилик, жогорку даражадагы адамдар менен алака кылууда кыраакы болуңуз. Түшүнбөстүктөр жаралышы толук ыктымал. Кандай каршылык болсо да өзүңүздү токтоо кармаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Башка шаардагы адамдар, көзөмөл органдары менен аяр мамиледе болуңуз. Айрыкча укук коргоо органдарынан оолак болуу сунушталат. Менменсинүүдөн улам чыр чыгышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Буга чейин акча жаатындагы иштериңиз ойдогудай жүрүп келсе, бул аптада тескерисинче болот. Акчага байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Курбу, өнөктөштөр, мекеме кызматкерлери, жетекчилер менен мамиле кылууда сабырдуу болуу керек.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөр, кызматтагы адамдар менен алака кылууда акыл калчап иш жасаңыз. Менменсинүүдөн улам түшүнбөстүктөр келип чыгып, айрым мамилелер бузулуусу мүмкүн. Жубайыңызга да аяр мамиле жасаңыз. Ошентсеңиз чырдан алыс болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Ишиңизде текшерүүлөр болот. Маанилүү иш кагаздарын даярдоого көп убакыт кетерин шылтоолоп,текшерүүнү кийинки аптага жылдырууга аракет кылып көрүңүз. Кесиптештердин кысымына туш болсоңуз капаланбаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада акча көйгөйлөрү жаралат, чыгым тартасыз. Акча негизинен эс алууга, чыгармачылыкка же балдарыңыздын керектөөлөрүнө жумшалат. Акча жумшабасаңыз балдар күтүлбөгөн өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өнөктөштөр жана жан шеригиңиз менен алака кылууда сабырдуу болуңуз. Үй-тиричилик, кыймылсыз мүлк, жер тилкеси, туугандарга байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ачууңузду көзөмөлдөп өткөн аптадагы ийгиликтерди улантууну көздөңүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакын чөйрөдөгү адамдар, кесиптештер жана туугандар менен баарлашууда токтоо болуңуз. Антпесеңиз чырдын чыгуусу ыктымал. Курч айтышуулар болот. Жол жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз. Кооптуу мезгил. Алкоголдук ичимдикке жолобоңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиз бул аптада каржы тартыштыгын баштан кечиресиз. Акча кечигүү менен колго тиет. Чыгымдардын саны өсөт. Акча балдарга, эс алууга жумшалмакчы. Акчаны туура бөлүштүрбөсөңүз катуу таарынычтар чыгат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада айрым каршылыктарга, көйгөйлөргө туш болосуз. Ал көйгөйлөрдүн чыгышына үй-бүлө мүчөлөрү түрткү болот же өздөрү жаратышат. Үй-чарбадагы иштер ойдогудай болбой жатса кейибеңиз. Эмки аптада баары өз нугуна түшөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жашыруун душмандар активдешет. Андыктан кыраакы болуңуз. Жакын чөйрөдөгү адамдар менен пикир келишпестиктер жаралат. Курч айтышуулар да болуп өтөт. Жагымсыз кабар угасыз же аргасыз жолго чыгууга мажбур болосуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Өткөн аптада курбулар, кесиптештер менен жакшы тил табышкан болсоңуз, бул аптада аларга аяр мамиле жасаңыз. Келишпестиктердин келип чыгышы күтүлүүдө. Акча көйгөйлөрү жаралат. Ачууну басып, токтоо болуңуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо