БИР БҮРКҮМ. ШАБДАН БААТЫР 7-АПРЕЛЬ ДЕП ӨЗГӨРТҮЛДҮ...

№803 23-март -29-март, 2018-ж.

  • Москва шаарындагы «Печатный экспресс» басмаканасынын директору Сергей Москвин шарттуу түрдө абактан бошотулду. 2016-жылы аталган басмаканада өрт чыгып, ошол жерде иштеп жаткан Кыргыздын 14 КЫЗ-КЕЛИНИ КӨЗ ЖУМГАН.
  • Баткендин Кадамжай районунан өлкөдө ЭКСТРЕМИСТТИК уюм деп таанылган «Йакын-Инкар» уюмунун 13 мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду.
  • 2018-жылкы АЖЫЛЫК САПАРГА жалпысынан бир адам үчүн 2890 доллар керектелет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
  • Бишкек шаардык кеңеши ШАБДАН БААТЫР көчөсүн 7-АПРЕЛЬ деп атоо чечимин кабыл алды.
  • Бишкек шаарына ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ 22-мартта токтотулду. Былтыр суук аба ырайына байланыштуу жылуулук берүү 10-апрелге чейин созулган.
  • Учурда Таластагы КИРОВ суу сактагычындагы суунун көлөмү 320 миллион метр кубга жетти. Бул былтыркыга салыштырмалуу 180 миллион метр кубга аз.
  • III Бүткүл дүйнөлүк КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ Ысык-Көлдө ушул жылдын 2-8-сентябрь күндөрү өтөт.
  • Январь айында МИГРАНТТАР Кыргыз өлкөсүнө 145,9 миллион доллар которушту. Бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул айына салыштырмалуу 24,5 миллион долларга көп. Маалыматты Улуттук банктан тастыкташты.
  • 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫ мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет жасаган 148 факт катталды.
  • Быйыл 7-АПРЕЛЬ – Элдик Апрель революциясынын күнү ишембиге туш келгендиктен, 9-апрель дем алыш күн деп жарыяланды.
  • Өлкөдө 1-апрелден тарта 7 жаштагы 7 миң БАЛАНЫН ДЕН СООЛУГУ атайын долбоордун негизинде текшерүүгө алынат.
  • Нооруз майрамынан кийин Бишкектин борбордук аянтынан 11 ТОННА ТАШТАНДЫ чыгарылды.
  • ДҮЙНӨЛҮК БАНК Кыргыз өлкөсүнө интернетти жана электрондук тейлөөнү жакшыртуу үчүн 25 миллион долларды гранттык негизде, 25 миллион долларды насыя түрүндө берди.
  • «АЛЬФА ТЕЛЕКОМ» (МЕГАКОМ) компаниясын сатып алууга швейцариялык "MFT Services SA" компаниясы кызыгууда. Ушуну менен сатып алууга ниеттенген компаниялардын саны 4кө жетти.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо