Алмазбек Атамбаев: «7-АПРЕЛЬ – ЭЛДИК МАЙРАМ!»

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 7-Апрель – Элдик революциясы күнүнө карата коомчулукка кайрылуу жарыялады:
– Бүгүн ак менен каранын ортосундагы күрөш орун алган Апрель окуясына 8 жыл толду. Бул күн Кыргыз мамлекетинин тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды.
Ошол 7-апрель күнү 87 жараныбыз курман болгон. Андан кийин өткөн сегиз жылдын ичинде да алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-Апрель шейиттерине таазим этем!
Бул биз үчүн жүрөгүбүздө өмүр бою жара бойдон калат.
Бул үй-бүлөлүк – кландык башкаруунун кесепетинен келип чыкканын эл унутпайт. Ошондуктан кыргыз элинин "туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок" деген эзелки сөзүн ар бир кыргыз бийлиги унутпашы керек.
Эки жыл мурда өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына 7-Апрель – Элдик Апрель революциясы да кошулган. Ошондо «кайгы менен муңга толгон бул күндү эмнеге майрамдайбыз, бул күн аза күтүү күнү болушу керек» дегендер чыккан. Дагы бир ирет кайталагым келет. 7-Апрель элдик революциясы – бул элибиз үчүн майрам! Кандай гана күрөш, согуш болбосун, анын жеңишке жеткен акыркы күнү майрамдалат.
2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясы, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели – бул окуялар бир оор жолдун үч ашуусу. Өлкөбүздүн келечеги, элибиздин эркиндиги үчүн үч датанын тең орду чоң. Биз толук жеңишке 7-апрелде жеттик. Ошондуктан 7-Апрель – Элдик майрам!
Баарыңарды 7-Апрель – Улуттук майрамыбыз менен куттуктайм!
Жараткан элибизге ынтымак, биримдик, жерибизге береке берсин!
 
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо