ӨКМӨТ АК ИЛБИРСТИ КОРГООНУ ЖАКШЫРТУУ КАМЫНДА

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

Өлкөдө ак илбирсти коргоо боюнча жаңы меморандум түзүлдү. Меморандумга өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рыспеков, ак илбирсти коргоо боюнча «Snow Leopard Trust» коммерциялык эмес бирикмесинин директору Чарудаг Мишра жана «Snow Leopard Foundation in the Kyrgyz Republic» коомдук фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу кол койду. Меморандумга ылайык, республика аймагында био ар түрдүүлүктү сактоого инвестиция тартуу жана ак илбирсти коргоо боюнча иш-аракеттерди активдештирүү каралган. Кыргыз жеринде ак илбирсти коргоо боюнча иш-чаралар көп өткөрүлөт.
Атай кетсек, 2017-жылдын августунда Бишкекте 12 өлкөнүн катышуусунда "Ак илбирсти жана анын экосистемдерин сактоо" деген темада эл аралык форум өткөн. Ошондой эле 2016-жылы ак илбирсти аткандарга айып пулдун көлөмү 500 миң сомдон 1 жарым миллион сомго көтөрүлгөн. Экологдордун маалыматына караганда, учурда республика аймагында 200-300дүн тегерегинде ак илбирс жашайт.
 
 
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо