ЖЭБди ЖАҢЫЛОО ЧУУСУ БОЮНЧА ДАГЫ 2 ЧИНОВНИК КАРМАЛДЫ

№805 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев менен ЖЭБди модернизациялоо тобун жетектеген Темирлан Бримкуловду кармады. Экөө тең тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Кыдырбаев да, Бримкулов да Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда. ЖЭБдеги аварияга карата 30-январда Башкы прокуратура «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыдырбаев менен Бримкуловго козголгон кылмыш иши аталган кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, ЖЭБди жаңылоо иши кандай жүргүзүлгөнү иликтенүүдө. Аталган кылмыш иши Бишкек ЖЭБи, «Электр станциялары» жана Улуттук энергохолдингдин кызматкерлерине карата ачылган. Буга чейин ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков жана ушул эле ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалган.
Эске салсак, ушул жылдын 26-январында Бишкек жылуулук-электр борборунда өндүрүштүк кырсык катталып, калаа тургундары чилдеде 5 күн жылуулуксуз калган. Аталган аварияга байланыштуу түзүлгөн өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы жыйынтык чыгарып, бир нече кызмат адамдарына сөгүш жарыяланган. Премьерге бир топ чиновниктерге эскертүү берүү, кызматтан алуу сунушталган. Ал эми ЖЭБди модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын иштетилишин иликтөөчү депутаттык комиссия иш жыйынтыгын чыгара элек.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо