Элмирбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КЭЭ БИР МУГАЛИМДЕРДИН МЕНИ КӨРӨЙҮН ДЕГЕН КӨЗҮ ЖОК БОЛЧУ»

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.

Төкмө акын, эл уулу Элмирбек Иманалиев бала кезинде «көп жолу мугалимдер мени сыртка чыгарып, анан сабак өтүшчү» дейт. Жүрөктөн түнөк тапкан ырлардын автору бүгүн балалыгы тууралуу узун кеп салат.

– Саламатсызбы, Элмирбек мырза? Балалык дегенде эле көз алдыңызга кандай күндөр тартылат?
– Саламатчылык, балалык дегенде эле көз алдыма таңында короз чакырган, суунун шоокуму жан терметип, кулак кандырган, күүгүмдө май чырактары бүлбүлдөгөн, электр зымы али жете элек тоо түбүндөгү кыштак тартылат. Айылымдагы тегерек тебетей кийген аксакалдар, кийиз ийлеп жүн сабаган апалар, чыбык ат минген чыт курсак балдар, алардын арасында мен...

Эсте турат эмикидей кечээгим,
Эске түшөт «айылың кайсы?» десе ким.
Азганакай кара талдар дүпүйгөн,
Айыл тоонун кармап алган этегин.

Өзүм Токтогулдун Чоңко деген айылынан болом. Чоңко атактуу айыл, эли сөзмөр, жоруктары жомок болуп бүт кыргызга тараган. Бул айылда менин өмүрүмдүн эң ширин
12 жылы өттү. Базары жок, мазары көп айыл эле. Бала кезимде сөздү түз эмес, кыйытып сүйлөгөн, жан дүйнөңдү жандоо менен түшүнгөн, куудул сөздүү, куйкум сөзүндө мурчу бар керемет карыялар бар болчу. Ошолордун батасын алып чоңойдум. Айылыбыздын жаратылышы кооз, биздин үйлөрдөн ары эле жайлоо башталчу.

– Керемет табияттуу айылда өскөн, керемет карыялардын арасында чоңойгон Элмирбек мырза балалыгында кандай жигит эле?
– Балалыгымдын биринчи жарымында жоош, экинчи жарымында тентек болдум. 3-4 жашымда эле кагаз, калемге үңүлүп, сүрөт тартып, китеп окуганга киришкем. Комузду да 5 жашымдан чертип баштадым. Өзүм менен өзүм болуп жүрө берер элем. Ойлосом, ошондо эле табиятка жакын болгон экенмин. Мен бала кезде айылда түркүн-түркүн чымчыктар болор эле. Азыр алар жок. Ошол чымчыктар мага жомоктон учуп келген сыйкырдуу парандалардай сезилчү, алар менен алек болуп ойноп жүрө берем кечке. «Кичинесинен "курсагым ачты" деп тынчымды алган жок ушул бала» деп ыраматылык апам өмүрү өткөнчө айтып жүрдү. Качан чакырып тамак бермейин ойноп, үндөбөй тынч жүрө берчүмүн. Талаада көк чөптө, жылуу жайык чоң таштардын үстүнө жатып уктап калчумун.
Ал эми мектепте 3-4-класстан баштап тентек болдум. Көп мугалимдер мени сыртка жиберип, анан сабак өтүшчү. Мугалимдердин карикатураларын тартчумун. Өзүм ошол кездеги «Чалкан» журналын сүйүп окуп, почточунун караанын атамдан бетер сагынып күткөн бала элем да. Кыздардын моюн-башын, кабыргасын чукуп турбасам колум кычышчу. Бирок мени бири да жаман көрчү эмес. Ал тургай мен ыйлатып койгон кыздар да ыйлап бүтүп, кайра мени уурданып карап жылмайып коюшканын билчүмүн. Капаларын бат эле күлдүрүп жазып алат элем.
5-класста окуп жүргөндө Жер тоголок, шар формасында болот дегенди угуп калып классташым Бакыт Көкөев экөөбүз «тоголок жерди бир тегеренип келели, батыштан кетип, чыгыштан келип калабыз» деп сабактан кийин жөнөп кеттик. Жолдон талаада эки күн түнөп, 60 чакырым жер басып, талтактап кайра артка тартканбыз. Келсек айыл ызы-чуу. Агайыбыздан өлөрчө тепки жедик.

– Адам чоңойгон сайын балалык мүнөз тээ алыста кала берет эмеспи, сизде балалыктан кайсы мүнөзүңүз калган?
– Бала кездеги мүнөзүм менде калбай калган күндү элестете албайм. Бул сурооңо ыр менен жооп бергим келип турат:
Бала сезем өзүмдү,
Бала болуу кандай таза, көңүлдүү.
Башка дагы кандай бакыт деп коём,
Бала бойдон жашасам бүт өмүрдү.
Бала сезем өзүмдү,
Же чын эле бала экеним төгүнбү?!
Көңүлүмдө бала бойдон сен барсың,
Сен бар өмүр кандай куунак, көңүлдүү!- деп жүрбөймүнбү.

– Мектеп босогосун аттаган күнүңүз эсиңиздеби?
– Албетте, эсимде, мектеп босогосун аттаганда алгачкы мугалимим Аттокур агай жетелеп класска алып кирген. Класс салкын, сыр жыттанып турду. Бир бала кире элек жатып эле ыйлап жиберди, ага класстан дагы 2-3 бала кошулуп ыйлап алышыптыр. Эки бала катуу чыр салды. Бирин дароо чыгарып кетишти. Экинчиси эшикти тээп «кирбейм» деп чиренип алган. «Бул жерде ойнойсуң, ийне сайбайт, келесоо» деп урушуп апасы сүйрөп кирди. Менин жаныма кара тору, көк көз бала отурду эле, сумкасынан алманын жыты буруксуду. Биринчи күнү таанышуу күн болду. Жанагы класска кирбей чыр салып ыйлаган бала күндө апасы менен келип арткы партада печенье жеп 3-4 күн отуруп, кийин келбей калышты. Ошентип биздин класс дароо эле 2 окуучуга кемиген.

– Мектепте кадыр-баркыңыз кандай эле?
- Мектепте аброюм жакшы болчу. Менден ылдый окуган класстардын да, жогору окуган класстардын да көңүл чордонунда элем. Болгону кээ бир мугалимдердин мени көрөйүн деген көзү жок болчу. Бирок айрым мугалимдер жакшы көрүшчү. Жакшы көргөнүнө да, жаман көргөнүнө да өзүм себепчи элем да. Чынын айтсам, менде балалык доор эрте бүтүптүр. 15 жашымдан бери чыгармачылыкта эмгектенип келе жатам.

– Балалык сүйүүңүздү эстеп кетпейсизби.
– Балалык сүйүүм айылда сонун, сымбаттуу кемпирлерди көрүп ойгонгонун айтып эле жүрөм. Арасынан бир-экөөнү өйдө-ылдый өтөт бекен деп кырда отуруп алып күтчүмүн. Чынында алар кемпирлер эмес, азыркы мен курактуу эле келиндер болчу экен. Менин көзүмө кемпир көрүнгөн экен да. Кээ бирөөлөргө айтсам күлөт, бирок бул сезим менен тааныш болгондор ишенет, түшүнөт болуш керек.

– Өзүңүздүн балалыгыңызды балдарыңыздан көрөсүзбү?
– Ооба, балалыгымды эки уулумдан тең көрөм. Улуусу Эрулан кымындай болуп алып мен сыяктуу комузду эч кимден үйрөнбөй эле күүлөгөндү, черткенди билип алды. Ал эми кичүү уулум Адылханды «4 жаштагы эле Элмирбек» деп эл көп айтат. Мүнөзү калбаат, токтоо, баскан-турганын, күлгөнүн мага окшоштурушат. Беш баламдын тең музыкалык угуму, чыгармачылыкка болгон мамилеси жакшы. Айзуура болсо чыгармачыл дүйнөнүн өкүлүнө айланды десем жаңылышпайм.

– Маегиңизге чоң рахмат!


Лунара Бекиева

Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(32)
17.04.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Көптөн күткөн интервью. Ак таңдай акын Элмирбек булбулдай үнүңуз өчпөсүн!
17.04.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Соз таптап багып,ата-салтын унуткузбай токмо акындык онорду алып жургонунузго сизге сый-урмат Агай!
17.04.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ЭмииИзат Айдаркулова жөнүндө да жазсаңар экен супер?
17.04.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
17.04.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Андижандан болом Ошко келип жашап калгам. Ошто Жалал-Абадда окуп жургон кездеримде уруумду сураса чонко десем жашы улуулар бир секирип ой арабызда чонко бар этият бололу деп калышчу эле!
17.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аалы Туткучовду да чакыргылачы
17.04.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsenal93.,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
17.04.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик агай. Мен да төкмөлүккө аябай кызыгам. Бар болуңуз.
17.04.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жерди бир тегеренип келели дегенин окуп каткырып алдым.) Ушуну интервью десе жарашат.
18.04.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
lazygirl, Мен да кайра кайра окуп каткырып алдым :)
17.04.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Булбулум деген ыры жагат . Чыгармачылык ийгилик болсун агай.
17.04.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
17.04.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соонун интервью болуптур
17.04.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элмирбек Иманалиев бугунку кундун Токтогулу. Бар болунуз,чыгармачылыгынызга ийгилик!
Журналисттер окшош эле суроолорду бере берипсинерго.Элмирбек байке жонундо коп маалымат кутком. Бир туугандары,ата энеси,чыгармалары боюнча.
17.04.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Гүлбү Ороскул кызы тууралуу сураган эмес экен да?
18.04.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
MIRBOLOT,менда ошону куттум эле
17.04.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окусан тим эле энергия аласын озунчо эле. Туткучевди чакырыныздарчы коп эле голос бар ал кишиге дагы.
17.04.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне кыска эле болуп калган маегинер.
17.04.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Журналист жакшы суроолорду берсе болмок экен. Мен аябай куттум эле. Бат эле бутуп калды.
17.04.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми Аалы Туткучевди кутолу.
17.04.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Точно Чонколугунду билгизип маек берипсин.Окуп алып аябаай бир жыргап кулдум.Кемпирлерди суйуп калганы,жер шарын айлангысы келгенин.Бар бол Элмирбек!
18.04.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Интервью деп ушуну Айт, сонун башталып баратып эле бутуп калыптыр,кээ Бир ырчы болумуштардын интервьюсу эки Бет болуп кетет го, окуп аягына жеткенче тажап кетесин. Чынын айтсам Элмирбек аганын интервьсун аябай кутком,бар болунуз агай, сизди кыргыз Эли терен урматтайбыз.
18.04.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chonko aiyly sonun aiyl da
18.04.2018. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жузуно жылмаюуу эмес кулку тартуулай турган маек болуптур.Менин мынча подписчигим бар, менин мынча көйнөгүм, мынча машинам бар, эрге тийди, үйлөндү ажырашты деген интервьюларга караганда төөчөлүк өйдө турган интервью болуптур.
18.04.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага мектепке алгач барганын суроттогону жакты
18.04.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыркы партада апасы экоо печенье жеп отурган балага олло каткырдым
18.04.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рахмат супер инфо ушундай сонун интерфью болуптур.Элмирбек Иманалиевке ден соолук,чыгармачылык ийгилик.
18.04.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
toktogul0322, сонун бирок отоле кыскаго тойбой калдым)))
18.04.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул акыныбыздын эмгегин абдан баалайм. Корунуктуу кыргыз акындарынын бири.Уулумдарымдын биринин атын Элмирбек Иманалиевдей болсун деп Элмирбек деп койгом.
19.04.2018. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рахмат супер.Болот экен го ушундай эл сыйлаган инсандарды чакырсанар.Мен берилуу менен кызыгып окудум.Омурунуз узун ден соолукта болун
19.04.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күтүп жүргөм мына ушундай эле жөнөкөй болушса.мактанып айнып калышат
19.04.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окууга биринчи барганы кечегидей эсиндего.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо