БИР БҮРКҮМ. АЙБЕК КАЛИЕВ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ...

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.

  • Жогорку Кеңеш юстиция министри кызматына АЙНУР АБДЫЛДАЕВАнын, өкмөттүк аппараттын башчысы кызматына МУРАТ МУКАМБЕТОВдун талапкерлигин жактырды.
  • Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын апрель айында жарыяланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 75-орунду ээледи. Март айында 115-орунда турган.
  • 2018-жылдын 1-январына карата КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН жарандарынын саны 6 миллион 258,7 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
  • АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТКА төлөмдөрдү кабыл алуу 13-апрелде аягына чыгат. Бул жылы ар бир орун 2890 долларга бааланган. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы БОЛСУНБЕК КАЗАКОВ МАКСИМ БАКИЕВге таандык болгон «Идеал Хаус» компаниясынын VIP коттедждер шаарчасын реалдуу баасынан арзан саткан деп шектелип, камакка алынды.
  • Улуттук энергохолдингдин башчысы АЙБЕК КАЛИЕВ Бишкек ЖЭБиндеги авария жана аны жаңылоо маселесине байланыштуу жумуштан алынды. Жетекчилик милдетти буга чейин орун басарлык кызматты аркалап келген Эрали Козубаев аткарууда.
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жашоочулары «МАКМАЛ» АЛТЫН КЕНИНИН ишмердүүлүгүнө каршы митингге чыгышып, жаңы курулган «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын ылгоочу имаратты өрттөп салышты. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо