БИШКЕККЕ 1 ДААНАСЫ 9 МИҢ СОМ ТУРГАН КӨЧӨТТӨР ТИГИЛДИ

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.

Бишкектеги түштүк магистраль, Медеров жана башка көчөлөрүнө даанасы 9 миң сомду чапчыган көчөттөр отургузулду. Жаңы отургузулган көчөттөрдүн баасынын кымбаттыгын коомчулук кызуу талкуулап, шаар башчы Албек Ибраимовго, мэриянын ишине нааразычылык жаралды. «Жашылдандыруу» ишканасы 1 даана көчөт 4850 сомдон 9090 сомго чейинки баада сатып алынганын жарыялады. «Жашылдандыруу» ишканасы Польшадан алынган бул көчөттөрдүн бааларынын кымбат болушуна бир нече себептер бар дейт. Бул ишкананын жетекчиси Алымжан Усупакунов көчөттөр 6-10 жылдык болгону үчүн кымбат баага бааланганын айтты. «Албетте, көп акча короттук. Алгач бааларга мониторинг жүргүзүп, кийин гана тендер жарыяланды. Биздин талаптарга жооп берген көчөттөр өлкөдө даярдалбайт экен. Чет өлкөдөн сатып алынган көчөттөрдү былтыр тиккенбиз. Алардын бою 3-4 метрге жетет. Көчөттөр келерки жылы кычкылтек бөлүп чыгарып, өзүнүн милдетин аткара баштайт. Ал эми өзүбүздө даярдалган көчөттөр бир жарым метр болгондуктан жетилгенче 7 жыл убакыт кетет»,- дейт Усупакунов.

Көчөттөрдү сатып алуу боюнча тендер Мамлекеттик сатып алуулар порталына 2017-жылы октябрь айында жарыяланган. Натыйжада «Art Green» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылып, Польшадан жалпысынан 13 миллион 763 миң сомго бак-дарактардын 6 түрүн сатып алып келген. Алар: майда жалбырактуу липа, зараң, каштан, чынар терек, декоративдик алма багы жана четин.

Мэриянын көчөттөрдү жергиликтүү баадан 20 эсе кымбат сатып алганы коомчулуктун кескин сынын жаратты.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо