БИР БҮРКҮМ. ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУ МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ...

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.

  • Кыргыз мамлекетинде каттоодон өткөн ИСЛАМ ДИНИ боюнча билим берүүчү 104 медресе, 10 жогорку окуу жайы бар. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан жарыялашты.
  • МИГРАНТТАР 2018-жылдын алгачкы 2 айында Кыргыз өлкөсүнө 307 миллион 600 миң доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
  • Республика аймагында жыл башынан бери 878 ӨРТ КЫРСЫГЫ катталып, 28 киши каза болду.
  • Тогуз-Торо районундагы «МАКМАЛ» алтын комбинатына тийиштүү имаратты өрттөөгө байланыштуу 12 жергиликтүү тургун кармалды.
  • Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутат ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУнун кош жарандуулугу аныкталганына байланыштуу мандатынан ажыратылып, анын ордуна РУСЛАН ЧОЙБЕКОВ келди.
  • 2018-жылдын март айындагы республикалык БЮДЖЕТТИН кирешеси 9 миллиард 135,5 миллион сомду түздү.
  • Ош шаарында Кытайдан келген грантка курулуп жаткан шаардык КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАНЫН 95 пайызы бүткөрүлдү. Алгачкы жабдуулар июнь айында орнотулмакчы.
  • Өлкөдө 2017-жылы ТӨРӨТ УЧУРУНДА көз жумган ымыркайлардын саны 2016-жылкыга салыштырмалуу 6 пайызга кыскарып, энелердин өлүмү 2,9 пайызга өскөн.
  • Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча талапкер НАСЫР МУСАЕВге мандат берилди. Ал маркум ЖЫРГАЛБЕК КАЛМАМАТОВдун ордуна келди.
  • КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулады. Былтыр 127 мамлекеттин ичинен 108-орунга илинсе, быйыл 91-сапка жогорулады. Мындай рейтингди «Global Firepower» аналитикалык компаниясы чыгарды.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо