№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
Жашарып жана көп кездешип бара жаткан дарттардын катарында өпкөнүн рак оорусу да бар. Аталган дарттын жаралуу себептери жана айыктыруу ыкмалары боюнча маалыматты Онкология жана гематология Улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Мукаш Бейшембаев айтып берет.
ӨПКӨ РАГЫ 4-ОРУНДА...
ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ
Өпкөнүн рагы дароо эле билинбейт, ал узакка жашыруун инкубациялык түрдө өнүгөт. Көбүнчө өпкөнүн өнөкөт сезгенүүсү сыяктуу белгилерди алып жүрөт.
Дарттын белгилери:
КЕЛИП ЧЫГУУСУНА ЭМНЕЛЕР ТҮРТКҮ БОЛОТ?
ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ
Диагноз үчүн керектелет:
Дарылоо ыкмалары:
Өпкө рагынын 4 стадиясы бар. 1-2-стадияларын дарылап айыктырууга болот. 3-стадиясын айыктыруу кыйын, 4-стадиясында дары-дармек менен гана оорулуунун өмүрүн узартып турууга мүмкүн. Андыктан оору белгилери билинер замат текшерилүү жана дарылануу зарыл. Жылына 1-2 ирет рентгенден өтүп туруу да дарттын өтүшүп кетүүсүнүн алдын алат.
ТҮРЛӨРҮ ЖАНА МЕТАСТАЗ (жайылып кетүүсү)
Түрлөрү:
Метастаз:
Рак өтүшүп кеткенде коңшу 1 же бир нече органга, ошондой эле кан жана лимфа суюктугу аркылуу бүт организмге жайылып кетүүсү мүмкүн. Бир нече органга жана бүт организмге тарап кеткенде өмүрдү гана узартып турууга мүмкүн.ООРУГА КАБЫЛУУ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУЛАР
Айтылгандардын айрымдарына түшүндүрмө бере кетсек, мисалы, карагай тилгенде анын курамындагы чайыр, эфир майы жана тилгендеги чаң, таарындынын кыпындары учуп өпкөгө кирет. Ширетүүчүлөр темирлерди ширеткенде бөлүнүп чыккан уулуу заттар менен дем алууга аргасыз. Цемент, көмүр, кум сатып иштегенде алардын чаңы, кыпындары ооз, мурун аркылуу өпкөгө өтөт. Андыктан ооруга кабылуу коркунучу жогорулар атайын кийимдерди кийип, бет кап жана көз айнек тагынып, экологиялык таза азыктарды жеп-ичип, 6 ай сайын врачтарга текшерилип, рентгенге түшүп туруулары зарыл. Текшерилгенде врач сунуштаса ооруканага жатып дарылануу керек.ТАМЕКИ ЧЕККЕНДЕР РАКТЫ ӨЗДӨРҮ САТЫП АЛЫШАТ
Эгерде адам 10 жылдан ашык убактан бери тамеки чегип келсе, анын өпкө рагы менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү тамеки чекпегендерге караганда 25 эсе жогору. Тамекини таштагандан кийин өпкөнүн тазаланышына 2 жыл кетет. Эки жылдан кийин 60-70 пайызы гана калыбына келет. Тамекинин түтүнүндө 4 миңдей химиялык зат бар (мисалы, ацетон, мышьяк, формальдегид, метанол, фенол жана башка). Алардын 120сы ракка алып келет. Алар өпкөдө аздан чогула берүү менен өпкөнүн клеткаларын зыянга учуратат. Кийин ал жерде рак жаралат. Ошентип тамеки чеккендер тамекини сатып алуу менен ракты сатып алып жаткандарын биле беришпейт.
Тамеки чеккен адам тамекинин 20 пайыз гана түтүнүн жутса, 80 пайызын ал адамдын чөйрөсүндөгүлөр жутат. Андыктан адамдар өзүнө гана зыян келтирбеcтен чөйрөсүндөгүлөрдүн да өпкөсүнө зыян келтирип жатканын эске алышса.
Кош бойлуу аялдар дамамат тамеки чексе ичтеги бала майып төрөлүп калуусу мүмкүн.
____________________________________________________________________________________
Билип алУГУУНУН ТӨМӨНДӨШҮНҮН АЛДЫН АЛУУ
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |