Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КҮЙӨӨЛӨРҮМ АРКАМДА ТУРБАСА, БАЛКИМ, БУЗУЛУП КЕТМЕКМИН»

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.

– Жамал эже, ден соолугуңуз жакшыбы, күүлүү-күчтүү турасызбы?
– Жакшымын, балам (күлүп). Ден соолугумду көп сурашат, 80 жашка келип калдым, карыган киши ооруп калышы мүмкүн деп ойлошот. Кудайга шүгүр, күн сайын ишке келем. Иштерим аябай көп. Жакында Токтогулга гастролго кетебиз, ошого даярданып жатам.

– Энергияңыз жаштарды артка таштачудай, мынча энергияны кайдан аласыз?
– Мен майрамдарда эки күн иштебей калсам өзүмдү коёрго жер таппай калам. Даттанып, ыйлактаган кишилерди жактырбайм. Жашоодо кыйын күндөр да, ийгиликтериң да болот. Ийгилик келсе дардаңдап кетсең эле өлдүң! Башыңа иш түшкөндө да сынбаш керек экен. Акылдуу болуп кетпедим го, бул нерсени мага турмуш үйрөттү. Мени күчтүү кылган ролдорум болду. Курманжан датка, Уркуя, Найман эне, Каныкей. Классикалык ролдорду да көп ойнодум. Аларды аткарып жатканда алар тууралуу көп окуйсуң, сиңирип аласың.

– Кичинеңизде эркек баланын кийимин кийип чоңойгон экенсиз, кызга өтүү процесси кандай болгон?
– Атам көп жыл бала көрбөй жүрүп мени көрүп «бала деген ушул экен» деп баса калган окшойт. 5-6-класска чейин эркекче сөгүнүп, кийимин кийип жүрдүм. Баары бир табиятыңа кетет экенсиң. Кыздын көйнөгүн кийип, кайра уялып кетчүмүн. Атам капа болуп калбасын деп аны көргөндө шым кие калчумун. «Сен эркектей кийинтсең эле кызың эркек болуп калмак беле?» деп апам атамды урушуп калчу.

– Сиз Кыргыз драма театрынан кетип, өзүнчө театр ачып революция жасаптырсыз. Көптөрдүн эрки жетмек эмес, менимче...
– Ленинград шаарына барып калдым. Мыкты театрларды кыдырдык. Ошол жактан бир театрдын ойногонун көрдүм. Спектаклди башка форматта коёт экен. Эч кандай жасалмалуулук жок, чыныгы турмушту чагылдыруу үчүн тамак жасап сахнадан тамактын даамын элге таратышат. Бизге ошол нерсе жетишпейт эле. Аны көргөндөн кийин эле драма театрдан кетким келип туруп алдым. Мен ал кезде болгон наамдын баарын алып, ролдун баарын ойноп, киного тартылып калгам. «Көпкөнүнөн кетип жатат» дешти. ЦКнын секретары чакырып алып «Жамал, талаада каласың, токтот» деди. Мен токтоно албайм, калсам эле думугуп өлүп калчудаймын. Өзүм кеткеним аз келгенсип, тегерегиме мыкты актёрлордун баарын «баскыла кетебиз» деп ээликтирип алгам да (күлүп). Асылбек Өзүбеков, Замирбек Сооронбаев, Жаркын Балыкбаева, Эгемберди Бекболиев, дагы далайлар болуп бөлүнүп кеттик. Өзүбүзчө кетсек өлбөсүбүздү эмнеден билдим? Анткени биз түндө гастролго чыгып кетип, планды 100 эмес, 200 пайыз толтуруп, укмуш акча таап келип Кыргыз драмга төгүп берчүбүз. Андан улам бизге премия чыкчу. Оңой болгон жок, албетте. Атын биринчи жеке театр болгон үчүн «Туңгуч» деп коюп, аны бир бөтөлкө коньяк менен куттуктап салдык.

– Театрдын негизги курамын алып кетиптирсиз, аларды кантип ынандырдыңыз?
– 1985-жылы болду да бул окуя. Ал жылдары биз «под диктовку» оюн койчубуз. Эч качан каалаганыбыздай ойнотушчу эмес. Жалаң буюртма. Төштөрүбүзгө ордендерди тагып алып Сталинди, Брежневди ойночубуз. Политбюро келип эшиктерди бекитип коюп көрүшчү. Жасалмалуулуктан жүрөгүм айланчу. "Чыгармачылык мындай болбойт" деп туруп алдым. Мен турмуштун өзүн бергим келчү. Мендей ойлонгондор да бар экен да, балдарды ынандырдым. Өжөр экенмин, балдарды да талаага таштаган жокмун. Ийгиликтүү иштеп кеттик. «Туңгуч» тез эле аты чыгып дүркүрөп кетти. Жердин баарын кыдырдык. Демөөрчү деген нерсени да мен биринчи ойлоп тапкам ал жылдары.

– Жакында "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" деп "Ак илбирстин" атайын сыйлыгын алганы турасыз? Көп наам алыптырсыз, эң толкунданган учуруңуз?
– Наам алганымды бир жолу телевизордон уктум, ишенсең. Бир күнү карап турсам экрандан «Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланат» деп жатат. Чын экен, көрсө. Аскар Акаевдин тушунда болчу.
Толкунданткан наам Лондондо болду. Эл аралык театр фестивалына Лондонго Султан Раевдин «Илегилеги» менен барганбыз. Ошондо мага, Султан Раевге алтын статуэтка беришти. Которуп беришсе «Дүйнөлүк театрга чоң салым кошкону үчүн сыйланат» деп жазылыптыр. Ишенбей кайра окуттум. Кыргыз болуп туруп дүйнө театрына салым кошуу... Нес болдум, толкундандым, кубандым. Жашоомдогу эң чоң сыйлык ушу болду.

– Балдарыңыздан сизге окшошу барбы?
– Келиним, актриса Асел Чоткараева мага окшош. Мүнөзүн, өжөрлүгүн, чыгармачылык дегенде баарын унутканын окшоштуруп коём.

– Айтмакчы, келиниңиз бизге берген интервьюсунда көп убакыт сизди кабыл албады деген эле...
– Адегенде каршы болдум. Анткени эки бала менен биринчи никесинен ажырашканын туура көргөн эмесмин. Экинчи жактан жашап кетишерине көзүм жетпей турду. Убакыт баарын далилдейт экен. Азыр ортолорунда эки бала бар. Эң сүйүктүү неберем – эки жаштагы Сезим. «Эно-уу» деп турат. Жөн эле өлүп калам ушул небереме. Уулум оператор, келиним режиссёр. Ынтымактуу, жакшы жашап жатышат, көз тийбесин. Кызым Ажардын кесиби юрист, эки кызы бар. Күйөө балам менен жакында эле Орусиядан Кыргызстанга келишти.

– Өзүңүзгө сын көз караш менен карап көргөнсүзбү?
– Эркин, эрке өстүм. Бир кемчилигим – ургаачынын ишин чоңойгонго чейин билбедим. Камыр жууруп көргөн жокмун, ушуга чейин билбейм. Үй жыйнаганды, тыкандыкты жакшы көрөм. Тамакты деле чала-була жасайм. Мисалы, Сабира Күмүшалиева тыкылдап үй оокатына укмуш мыкты эле. Эми такыр эле жаман кожойке эмесмин дечи, бирок манты түйө албайм, камыр жууруй албайм. Бирок үй-бүлөдө ар дайым материалдык жактан камсыздоодо менин үлүшүм чоң.

– Жамал эже, сиз тарыхта калчу адамсыз. ММКлар же кайсы бир чөйрөдө ошол замандагы атаандаш актрисалар тууралуу көп кеп айтылып келет. Өз оозуңуз менен бул темага чекит коюп айтып кетсеңиз кандай болот?
– Мен бул теманы эмнеге айткым келбейт, билесиңби? Адамдар күнөөсүздөн күнөөлүү тапканды жакшы көрүшөт. Кир нерсеге колуңду булгасаң кир болуп чыгасың. Эмне кереги бар? Жакама асылгандар эркимдин күчтүү экенин билишти, ошон үчүн мени да жолдон алып салгылары келди. Мени жалаа жаап сындыралы дешти. Күйөөм Болот Шалтаев отуруш-кечелерге кошмок тургай, жанынан чыгарчу эмес. Мени ошол адам сактап калды. Экинчи күйөөм андан да катуу чыкты. Өзүмдү билем да, мага командир керек. Бирөөнүн таасирине тез берилип кетем. Бирөө «ээй» деп турса «аа, тескери баспайын, кокуй» деп калам. Алардын катуулугунан зыян көргөн жокмун. Кытай чебиндей ар дайым аркамда турушпаса ким билет, балким, бузулуп кетмекмин. Мындан да көп сөздөр болмок.

– Жашооңузду өзүңүз каалагандай түзө алдыңызбы?
– Ооба. Неберелеримди, балдарымды карап, ишимди карап туруп азыр жашоомду каалагандай түзө алдым деп айта алам.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(31)
24.04.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биринчи келини чолпон эжени деле кошуп айтып койсо болмок неберелерин кандай тарсылдаган жакшы келин болчу
25.04.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
raiana53,ал келинине жакшы мамиле кылган учун экинчисин копко кабыл албай журду да,алардын ажырашышын каалабаганынан эле байкаса болот баарын...
24.04.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да жакындыкты жакшы көрүп жыйнап тазалай берем бирок тамакка келгенде башым шылкыятүшөт
24.04.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уйдо матиериалдык жактан камсыздоодо менин улушум чон дейт го эжебиз. Камыр жууруй албайт экен,тамакты деле жакшы жасабаса керек. Анда эжебиздин куйоолору ашканада мыкты кожоюн окшойт деп калдым.
24.04.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушул эже жонундо бир соз угуп калган элем ошондон бери жактырбайм
24.04.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ne.vajno,аны элдин баары эле билет
25.04.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,эмне деген соз ? Кызыгып калдым
25.04.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ne.vajno,бизге деле айткыла кошо жактырышпайлык
25.04.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ne.vajno,магада айтчы
25.04.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Таттыбубу Турсунбаеванын олумуно себепкер болгондордун катарында деген кеп сөздөрдүн аягы ушу кезге чейин айтылып келет.Көрө албастык,бүт тосуу жөнүндөгу нерселерди мойнуна алгандай, кантсе да баарын бир Алла билуучу
25.04.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kg.lady,менда ушундай уккам
25.04.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kg.lady,анын чын-тогунун билбей туруп адамга куноо коюш туура эмес...
Ал окуя мындайча болуптур:белгилуу эжекебиз Таттыбубу Турсунбаева(арбагы мени кечирсин) ошол кезде атагы абдан чыгып кино,театрларда жалан Турсунбаева тартылып коп-коп эркектер ашык болуп,биягы Болот Бейшеналиевден баштап тиягы Окмоттун адамдарына чейин арзып жургон учуру экен,жонокой коруучулорду мындай кой,ээй ал убакта кыргыздын ар бири айымы тымызын куйоолорунон кызганып калышчу экен.
surgeon777 түзөттү 2018-04-25 21:06:57
25.04.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
surgeon777,Ошентип Таттыбубу эже озгоруло баштайт экен,балким уй-булолук турмуштан чарчаганбы же аттуу-баштуу адамдардын азгырыгына киреби айтор жалгыз бой жашап калат экен,анан шарап менен чылымды татып корот,бара-бара "шандуу" омур суро баштаптыр,ошонун айынан омурунун акыркы кундору ооруканага жатып калат экен.Ошол учурда коп артисттер коргону барышат экен,анын арасында Жамал Сейдакматова,Бакен Кыдыкеева дагы ж.б болгон экен,анан
25.04.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
surgeon777,анан ошолордун бироосунон арак алдыртыптыр Таттыбубу эже,кимиси экенин кийин иликтоо иштеринде да чыкпай калган,анткени эжеге кучтуу дарылар берилип жатканда спирт ичимдигин ичпеш керек эле,эч ким билбейт эже алдыртканбы же бироо ден-соолугун сурамыш болуп ичиргени...акыры эже каза болуп калат,ал эми кесиптештери бири-бирин куноолоп баштайт,анан акыры келип Сейдакматовага оодарышат куноону,себеби Жамал эже да ошол убакта катуу чыгып жаткан учуру экен
25.04.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
surgeon777,аны менен бирге Бакен Кыдыкееваны да куноолошуптур,анын да ташы ойдо ыргып ити чоп жеп турган убагы экен,анын устуно Бакен эжебиз да чылым чегип,спирт ичимдигинен серп этип койчу экен,бирок Бакен эже Таттыбубу эже менен ынак болуп отурушка бирге бара коюп журсо Жамал эжебиз бир-эки кайым айтышып калган жайы бар экен Таттыбубу эже менен,ошондуктан Жамал эжени кобуроок куноолошуптур коро албайт деп.
25.04.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
surgeon777,Бирок жердештеринин айтымында Жамал эженин мунозу оорураак болгону менен бир нерсени бетке айтып,тарсылдаган адам дешет жана андай ишке тынч журуп тымызын жасаган адам барат дешет..Эми бир Жараткан жана ошол ыплас ишти жасаган гана адам билишет,ким кылса да Кудайым жаза берет же берген,Жамал эженин бактылуу карылыгын карап туруп жаман иш жасабаса керек деп ойлоп калам...
25.04.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
surgeon777, менимче любой супсулуу аял озгорот андай жашоодо. Сулуулугуна маашырланат, таразага салат, озун базара салат, уй булосу да козуно корунбой калат. Ошондуктан аял бузулбасын дешет. Бирок аягы трагедия болот же кочодо калат ар Ким колдонуп мисал Мерилин Монро
25.04.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,туура айтасыз...ошол эле учурда Бакен Кыдыкеевада да соблазн коп болуп байкуш эже кочодо каза болуп,денеси моргдо бир канча кун жатыптыр,белгилуу айымдардын аянычтуу тагдырын окуп окуносун..
25.04.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантседа аман болсун мыкты актриса, жашыда бир топко барып бир аягы гордо,бир аягы тордо болуп калыптыр,кылган кунолорун Аллах озу кечирсин.
25.04.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маркум болгон эжелердин жаткан жери жайлуу болсун,ар бир адамга пзгырык келет,жанылат,жазылат,алардын жеке жашоосун деле соз кылмак эмесмин,жогоруда кобуно кызык болуптур не болду эле не болду эле дегендерге маалымат учун жазып койдум..
Канткен кундо да алар оз омурлорун жашап отту,а биз алардын таланты менен гана сыймыктанышыбыз керек!
Байкадыныздарбы,мурдагы замандын артисттеринин жеке жашоосун кобу билген эмес,талантын гана билишчу,азыр тескерисинче жеке жашоосунун баары билишет,а
25.04.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
surgeon777,а талант жок)))
26.04.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
surgeon777, рахмат Сизге.
27.04.2018. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gena1,эчтеке эмес..
27.04.2018. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже карылыкка моюн сунган окшойт суйлогондоруно караганда.
27.04.2018. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу Турсунбаева жонундо жалган ушактар деп ойлойм. Чын же калп экенин билбей суйлой беришет.
28.04.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жамал Сейдакматова дегенде апамдардын кыжыры кайнайт эле, жаман корушуп, Таттыбубуну олтургон деп. Тушунчу деле эмесмин, а Жамал Сейдакматова жаман аял экен деп. Азыр ойлонуп корсом, байкуш бейиши болгур Таттыбубу эжекебиз арака шаан-шоокот жашоого азыргылыптыр шайтан менен. Белгилуулукту которо албаптыр. Жамал жана Бакен эжелерибиздин эч кандай куноосу жок деп ойлойм. Себеби булар анын оозуна арак куйган эмес да. Ар бир киши оз тагдырынын ээси деп ишенем. Озунду колуна алып, жанталашып иштеп,
LadyD түзөттү 2018-04-28 09:57:16
28.04.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LadyD, туз жолдо журсон, эч кандай Жамал Сейдакматовалар эч кимди буза албайт го.
28.04.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
LadyD, бул жерде тескеринче Жамал Сейдакматова кыйын экен, бул киши деле ошол чойродо аралашып журду да, ичпей чекпейле мына 80ге чыгып, дагы гастролго чыкканга энергиясы бар экен. Ден соолугунуз чын болсун эжеке.
28.04.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
LadyD,замандаштары айтып журчу Таттыбубуго далай бут тосконун,Аллага оздору жооп беришет мейли
28.04.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аракты ичирген,турткон,Бут тоскон ушу аял,олтурбосо го керек
30.04.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжекенин талантына таазим. Ар бир адамдын жеке жашоосу бар, аны талкуулаганга жана так эмес маалыматты угуп алып эле андай-мындай дегенге эч кандай акыбыз жок. Кыргыздын атын дуйного тааныткан эжелердин бири. Андыктан, жон гана бактылуу карылык жана Ден соолук тилеп калалы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо