ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 30-апрелден 6-майга чейин

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.




КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн жумадагыдай ийгиликтер дагы да уланмакчы. Адамдар менен алака кылууда өзүңүздүн лидерлик сапатыңызды көргөзүңүз. Ишемби, жекшембиде ойлонбой сүйлөп жиберүүдөн сак болуңуз. Болбосо көйгөй тилеп аласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде каржы, аманат буюмдарга байланыштуу маселелерге гана басым жасабай, турмуштун башка тармактарына да көңүл бөлүңүз. Аптанын акырында душмандардын кылтагына илинесиз же ушак-айыңга кабыласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Акыркы кезде баштаган ишиңизди жума күнгө чейин улантыңыз. Жыйынтыгы жаман болбойт. Бирок дем алыш күнү акча жаатында көйгөйлөр жаралат. Түшүнбөстүктөр жаралбашы үчүн достор менен алака кылууда абайлаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөр менен иштешүүнү алдыңкы орунга коюңуз. Сунуштар түшсө жок дебеңиз. Бейшембиден кийин айрым мамилелер бузулат. Бийлик өкүлдөрү, жетекчилик менен жакындан мамиле түзбөй туруңуз. Өзүн актабайт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жумуш, үйчарба иштери ойдогудай жүрүп, көңүлүңүз көтөрүлөт. Ишемби, жекшемби күндөрү текшерүү органдары, дин өкүлдөрү менен алака кылууда токтоо болуңуз. Сапарга чыгууңуз күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өткөн аптада бүтпөй калган жумуштарды жума күнгө чейин бүтүрүңүз. Эмгегиңиздин жемишин жакынкы күндөрдө татасыз. Дем алышта балдарыңызга акча сарптайсыз же акча көйгөйү жаралат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада көпчүлүк ой-максаттарыңыз сиз ойлогондой орундалат. Ишемби, жекшембиде жакындарыңыз жана өнөктөштөр менен мамиле кылууда абайлаңыз, таарынтып аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Акыркы жарым жылдан бери сизди коштоп келе жаткан ийгиликтер дале уланмакчы. Болгону дем алыш күндөрү бирөөлөр менен айтышуудан, жолдо жүргөндө дене-мүчөңүзгө жаракат алып калуудан абайлаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ийгиликтердин дагы да уланышын кааласаңыз, анда коркууну четке кагыңыз. Активдүүлүктү көргөзүңүз. Сүйүктүүңүз менен балдарыңыз тараптан сизге таарынычтар болот. Чыгым тартасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жасап жаткан жумуштарыңызды бир сыйра электен өткөрүп коюңуз. Маселелерди чечүүдө жакын санаалаштардын жардамына таяныңыз. Жакындарыңыз менен айтышуудан карманыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жетекчилик, бийлик өкүлдөрү менен көп алака жасоого туура келет. Сүйлөшүүлөр негизинен жакшы жүрмөкчү. Аптада жашыруун душмандардан сак болуңуз. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз. Кооптуу мезгил.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көзөмөл органдары, башка жактык тааныштар менен жакшы тил табышасыз. Кайсы бир максаттарыңыз ишке ашат. Ички туюмга таянып иш кылсаңыз жаңылбайсыз. Акча жаатында бир аз көйгөй жаралат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо