КЫЗДАРДЫ ТҮН УЙКУДАН КАЛТЫРГАН «ЕХО»

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.

2011-жылы түптөлгөн «ЕХО» тобу менен өзгөчө өспүрүм курактагы кыздар «ооруп келет». Айрымдар сүрөт, видеосун көрүп бактылуу болушса, айрымдар жылдыздардын жатаканасына чейин барып, көчөдө түнөп аңдыганы аңдыган. «EXO» тобу "Мама" (Түштүк кореялык музыкалык сыйлык тапшыруу аземи) боюнча эң көп дэсан (чыгармачыл чөйрөдө берилүүчү беделдүү сыйлык) алган К-Pop топ катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.


КЫЗЫКТУУ
– Топтун альбомдору миллион нускада сатылып, 12 жыл аралыгындагы альбомдору эң жакшы сатылган кореялык топ болду.
– Орион топ жылдызындагы эң жарык жылдызды индиялык күйөрмандары сатып алып «ЕХО» деп атап, аларга арнашкан.
– Быйыл Пйоңчаңда өткөн Кышкы Олимпиаданын жабылуу аземинде гимнди аткарышты. Апрелде «ЕХОнун» сүрөтү түшүрүлгөн эстелик тыйындары чыгарылмакчы. «ЕХО» ушундай сый-урматка арзыган жалгыз K-Pop тобу.

БЁН БЭКХЁН (Бэкхён)
Туулган жылы, күнү
– 1992-жыл, 6-май
Бэкхён жашоодо шайыр, кең пейил. Музыкадан тышкары спорт менен алектенет, хапкидо боюнча кара курдун ээси. Кызыгы, курт-кумурскалардан аябай коркот. Ырчы мырза "колумдан келсе дүйнө кезип, бардык күйөрмандарым менен жекече көрүшсөм" деп кыялданат. 2016-жылы Бэкхён «Miss» тобунун ырчысы Сюзи менен "Кыял" аттуу ыр аткарып, ошол эле жылы "Түштүк Кореядагы эң белгилүү ырчы" деген наамга татыган. Тартылган дорамалары (сериал) – «Менин коңшум ЕХО», «Алоолонгон жүрөктөр: Корё" жана башкалар. Инстаграмда 12,5 миллион катталуучусу бар.

О СЕХУН
Туулган жылы, күнү
– 1994-жыл, 12-апрель
Топтун көкүрөк күчүгү Сехундун топко келиши да кызык. Ал 12 жашында балдар менен көчөдө тамактанып отурган жеринен
"S.M. Entertainment" компаниясынын өкүлдөрүнүн көзүнө түшөт. Эки жылдай ал жакта тажрыйба чогултуп, 2012-жылы 5-мүчөсү катары «ЕХОго» алынат. 6 жыл ичинде дүйнөнү дүңгүрөткөн жылдызга айланган Сехундун учурда Инстаграмда 13,2 миллион катталуучусу бар. Анын быйылкы туулган күнүндө күйөрмандары «Нью-Йорк Таймс» журналынын түстүү бетин арнашкан. Журналдын бир бети орточо 214 миң доллар турат.
Жашоодо Сехун абдан сезимтал, дораманы көрүп жатып деле ыйлап калышы мүмкүн. Кесиптеши Кай Сехунду топтун «красавчиги» деп билет.
Сехун 2015-жылы «Менин коңшум ЕХО» сериалында актёрдук дебютун баштаган. 2016-жылы «Мышык-адамды жакшы көрөм» тасмасында башкы ролду жаратат. 2018-жылы ал экшн-дорамада башкы ролду жаратканы белгилүү болду.

КИМ ЧОНДЭ (Чен)
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл 21-сентябрь
Алгач ата-энеси Чендин ырчы болушуна каршы чыккан. Бирок "S.M. Entertainment" компаниясында тажрыйба топтоп жүргөнүн укканда колдошкон. «Эгер мен «ЕХОнун» мүчөсү болбосом, Лэйдин күйөрманы болмокмун» дейт Чен. Оюндарды жактырбайт, анткени дайым утулуп калат. Өзүн кежирмин деп сүрөттөйт. Кой этинен жасалган шишкебекти жегенден тажабайт. Колу бошой калганда китеп окуйт, музыка угат. Куурулган күрүч менен кимчхини жакшы жасайт.

ЧЖАН ИСИН (Лэй)
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 7-октябрь
Кытайлык ырчы, актёр, фотомодель Лэй үйдүн жалгыз баласы. Ата-энеси жумуштан колу бошобогондуктан чоң ата-чоң энесинин колунда тарбияланган. 17 жашында тажрыйба чогултуу үчүн "S.M. Entertainment" компаниясына келип, ырчы болуу кыялын орундатат. Ырчы болгусу келген 100 жигиттин арасынан бийлегенге шыктуу жана жоопкерчиликтүү Лэйди тандашып, 2012-жылы 16-январда расмий түрдө топко алынат. Чендин айтымында, команданын эң боорукери – Лэй. Ал япон маданиятына кызыгат. Куурулган эт – сүйүктүү тамагы. Былтыр Шанхайдагы Мадам Тюссонун музейинде Лэйдин момдон жасалган фигурасы коюлган.

КИМ ЧУН МЁН (Сухо)
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 22-май
Сухо бала кезинен тың чыгып, класстын президенти болгон. Whimoon деген беделдүү мектепти аяктап, 2006-жылы 16 жашында "S.M. Entertainment" компаниясына тажрыйба топтогону келет. 7 жылдан соң гана 10-катышуучу катары топко кошулган. Сухонун атасы Сун-Чун-Хян университетинде профессор, апасы үй кожойкеси.
Ырчы 2015-жылы «Биз бактылуу болгон күн» тасмасына тартылып, анын билети 15 мүнөт ичинде сатылып кеткен.
Мемберлердин (топтун катышуучулары) айтымына караганда, Суходо ханзаада синдрому бар. Бирок ал өзү муну сылыктык сапатым деп эсептейт. Китепти сүйгөн, узун чачтуу кыздарды жактырат. «Премьер-министр жана мен», «Менин коңшум ЕХО», «Аалам жылдызы» жана башка дорамаларда тартылган.

КИМ МИН СОК (Сюмин)
Туулган жылы, күнү
– 1990-жыл, 26-март
Сюмин 2012-жылы 26-январда «ЕХОго» 7-катышуучу катары кабыл алынган. Ал «ЕХОнун» эң күчтүү жигити деп саналат. Кофени аябай жакшы көрөт, келечекте бариста кесибине ээ болсом деген кыялы бар. Сюмин, байкасаңыздар, топтогу сурмасы жок жалгыз катышуучу. Жеке жашоодо бир көрүп сүйүп калууга ишенбейт.
Актёрдук карьерасы «То Чонду сүйүп калдым» (2015) дорамасынан башталган. Өзү «мен тасмага тартылам деп ойлогон эмесмин. Топтун курамында элге чыксам эле мага жетишмек» дейт. Анткен менен Сюминдин алгачкы ролу ийгиликтүү башталып, бир нече дорамаларда роль жаратып келет.

ПАК ЧАНЁЛЬ
Туулган жылы, күнү
– 1992-жыл, 27-ноябрь
Чанёль 16 жашында актёрдук чеберчилик боюнча жеке менчик мектепте окуган. Учурда Сухо, Бэкхён үчөө Кёнхи университетинин бизнес-администрация багытында билим алышат. Башталгыч классында «Рок мектеби» тасмасын көрүп, музыкага кызыгуусу башталган. 2008-жылы ал "S.M. Entertainment" компаниясына тажрыйба топтоого алынып, 4 жылдан кийин гана «ЕХО» тобунун корей кичи тобуна алынган.
Маектеринин биринде Чанёлго «Кыз болсоң эмне кылмаксың?» деген суроо узатышса, «өзүмө окшош жигитке турмушка чыкмакмын» деп элди күлдүргөн. Бэкхён Чанёлду чоң кишидей катуу коңурук тартып уктайт деп көп айтат. Жылдыздын Инстаграмында 14,3 миллион катталуучусу бар.

D. O. (До Кёнсу)
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 12-январь
Бала чагынан активист До жергиликтүү ыр фестивалдарына көп катышчу. Бир жолку жеңиштен кийин аны "S.M. Entertainment" компаниясы жумушка чакырып, ал жакта 2 жылдай тажрыйба топтойт. 2012-жылы 30-январда 8-ырчы болуп топко кабыл алынат.
Донун актёр катары тушоосу «Араба» (2014) тасмасында кесилип, дебюттук ролу үчүн «Жаңы мыкты актёр» наамын алган.
Жашоодо тыкан, тазалыкка аябай маани берген жигит. Боорукер кыздарды жактырат, анан да алар «ЕХОнун» күйөрманы болсо дейт. Чанёль менен До битбокстун чеберлери, ошондой эле экөө алкоголдук ичимдиктерди канча ичишсе да мас болушпайт. Чыгармачылыктан тышкары До жиу-житсу, дзюдо менен машыгат.

КИМ ЧОҢИН (Кай)
Туулган жылы, күнү
– 1994-жыл, 14-январь
Кай назик жана кичинекей болгондуктан бала кезинде аны кыз деп адаштыра беришчү. 3-классында «Щелкунчик» балетин көрүп таасирленип, балетке кызыгып кетет. 11 жашында "S.M. Entertainment" компаниясына кабыл алынып, хип-хоп жанрына кызыга баштайт. Кай 2011-жылы 23-декабрда «ЕХО» тобунун элге чыккан алгачкы ырчысы катары белгилүү. 2016-жылдан тартып ырчы актёрдук чеберчилигин сынап, «Шоколад банкы», «Анданте» «Жаз келди» тасмаларына тартылган. Кошумча футболго кызыгат, «Челси» футбол клубунун алмашкыс күйөрманы.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(17)
01.05.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ими не кереги бар бул балдардын омур таржымалы
01.05.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иии эжемдин кызы ушулар десе жанын берет го чиркин! Кыздарга окшош го деги эмнесин жакшы корушот.
01.05.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ехо деген дары же модный бир буюм окшойт депмин))
01.05.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен жакшы эле уктап атам түн уйкудан койбой эле.Эркек группа эмес эле кызтекелердин ажыкыстардын группасы окшойт.Биринчи жолу көрүшүм бул группаны.
01.05.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nevestkaa,корбосон коруп ал
03.05.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alinokka,көргүм келбесечи?
01.05.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корейский Кончита Вурсттар)))
01.05.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо. Уйкудан калтырган Эхосу не болуп кетти экен деп кирип алыпмын))
01.05.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буларды айылга алып барып...Эшек менен суу ташытып,отун жардыртып коруш керек экен.хе хе хе.Элестетип кеттим)))
01.05.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эч кандай кыз теке эмес.Чынын айтканда булар эн эле таланттуу!
03.05.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Alinokka,жанында жашагандай айтасын го оозу мурдуң кыйшыйбай.
02.05.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bardygy okshoshko
02.05.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздар суйгон чыныгы жигиттер ушулар болсо...Мен чыныгы жигиттин,жигити экенмин анда.
02.05.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
03.05.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары "ЕХО" дей бергенинен ырларын угуп кордум эле. Создоруно тушунсомчу же))
Англисче ырлары бар экен. Ошолорду да угуп коруш керек окшойт.
Топтогулар таланттуу, уну мукам болушу мумкун, мага анча жага бербейт.)
05.05.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардан караганда БТС жагат
23.01.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убакта кыргыз жигиттер дагы туурап башташты бул ХХХХ извините за выражение. По другому их не назавеш. Кыздар уялгылачы ушундайларды суйгондон. Колуна кетмен берсе корот элем.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-23 17:38:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо