БИР БҮРКҮМ. БАШ ПРОКУРОРЛУККА ӨТКҮРБЕК ЖАМШИТОВ ДАЙЫНДАЛДЫ...

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.

  • КЫРГЫЗ-КЫТАЙ мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери Эмгекчилердин эл аралык күнү майрамына карата 30-апрелден 2-майга чейин жабылат. Бул боюнча маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан таратышты.
  • 2018-жылдын биринчи кварталында 42 411 ЫМЫРКАЙ жарык дүйнөгө келди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 939 ымыркайга көп.
  • Кыргыз өлкөсү СӨЗ ЭРКИНДИГИ боюнча дүйнөлүк рейтингде 9 баскычка төмөндөдү. Башкача айтканда, 2018-жылкы рейтингде 89-орундан 98-орунга ылдыйлаган. Мындай рейтингди «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жарыялады.
  • Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов «мени негизсиз жумуштан алган» деп мурдагы премьер-министр САПАР ИСАКОВду сотко берди.
  • Жогорку Кеңеште «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВАнын ордуна САГЫНДЫК КЕЛДИБАЕВ депутат болуп бекитилди. Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министрлик кызматка дайындалды.
  • 25-апрелде Жогорку Кеңеште МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ жетектеген жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди.
  • 10 күн мурун Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болгон БОЛОТ СҮЙҮМБАЕВди Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан бошотту.
  • Жогорку Кеңеш баш прокурор кызматына ӨТКҮРБЕК ЖАМШИТОВду шайлап, президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү буйрукка кол койду. 13-апрелде Индира Жолдубаева башкы прокурорлуктан бошотулган.
  • Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы болуп НАТАЛЬЯ НИКИТЕНКО («Ата Мекен»), ал эми Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы болуп ЭМИЛ ТОКТОШЕВ («Ата Мекен») шайланды.
  • 2018-жылдагы ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ (ЖРТ) катышуу үчүн 42 941 абитуриент катталды. Тестирлөө 14-19-май күндөрү өтөт. Быйыл республикада 62 миң окуучу 11-классты аяктоодо.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо