СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ТҮНДҮК-ТҮШТҮК» МАСЕЛЕСИН ТАҢУУЛАП ЖАТКАНДАРГА ЧАРА КӨРҮЛӨТ»

№809 4-май -10-май, 2018-ж.

Өлкөдө «түндүк-түштүк» маселесин коомчулукка таңуулап жаткандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда эл менен жолугушууда билдирди.
«Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта «түндүк-түштүк» маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. «Түндүк-түштүк» маселесин таңуулап жаткандарды – элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм. «Түндүк-түштүк» маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт»,- деди Жээнбеков.

Өлкө жетекчиси элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөгөнүн, жалпы журтка тегиз карай турганын айтты.
Ошондой эле акыркы кезде «президент Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат» деген пикирди коомго сиңирүү аракеттери күчөп жатканын белгилеп: «Үй-бүлөлүк бийлик кандай болорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезимине өчпөс так калтырды. Эл кландык башкарууга кайрадан жол бербейт»,- деди.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо