Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты: "ШАДИЕВДИН ЭСЕПЧИСИ ТВЕА`НЫН ЭСЕПЧИСИ БОЛУП ЧЫКТЫ"

№810 11-май -17-май, 2018-ж.

УКМК парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүн камакка алды. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тастыктады. Шадиевдин 50 жана 100 пайыз ээлик кылган 10 ишканасы, Бишкек менен Чүй облусунда жайгашкан бир канча турак жайы, унаасы камакка алынганы жазылган. Ошондой эле 25 банктын аттары аталды. УКМК бул банктарда Шадиев жана анын үй-бүлөсүнүн банктык эсептери жана ячейкалары бар экенин, аларды камакка алуу керектигин же банктарга бул маалыматтарды тактоо тапшырылганын ачыктаган жок. Ошентип Шадиевдер «Карвен 4 мезгил», «Боорсок плюс» өңдүү 10 компаниянын 33 пайыздан 100 пайызга чейинки үлүшүнө ээлик кылары ачыкка чыкты.
Мурунку биринчи-вице-премьер жана Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге 28-апрелде Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши ачылган. Жардамчысы Шадиевди чет өлкөгө чыгып кетти деп жарыяласа, УКМК ал расмий түрдө чек арадан чыкпаганын билдирген.
10-майда Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын карады. Бул талкууда депутат Кожобек Рыспаев Шадиевдин эсепчиси ЖЭБди жаңылоону ишке ашырган, учурда талкууга түшүп жаткан ТВЕА компаниясынын да эсепчиси болуп чыкканын жар салды. Маалыматтарга караганда укук коргоо органдарынын Аскарбек Шадиевге уурдалган 30 миң доллардан башка да иштер боюнча суроолору көп.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо