БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ БЕРҮҮ 1 АЙГА ТОКТОЙТ...

№810 11-май -17-май, 2018-ж.

  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ошко КАДИМКИ КАТТАМДА жүргүнчүлөр менен чогуу учуп барганы талкууга түштү. Көпчүлүк бул көрүнүштү колдоого алды.
  • 4-мөөнөткө Орусия президенттигине шайланган ВЛАДИМИР ПУТИН ант берип, кызматына расмий түрдө киришти. Дмитрий Медведев кайрадан Орусиянын өкмөт башчылыгына бекитилди.
  • Бишкек-Ташкент эл аралык АВТОБУС КАТТАМЫ ишке кирди. Билет баасы – чоң кишилер үчүн 1000 сом, 5-12 жаштардагы балдарга 500 сом, 5 жашка чейинкилерге бекер.
  • Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ Бишкектеги «Манас» кинотеатрына барып «Саякбай» тасмасын көрүп кайтты.
  • Парламент депутаттары Дастан Бекешев менен Алмазбек Баатырбеков КОШ ЖАРАНДЫГЫ бар экени далилденген чиновниктерди 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоорун сунуштап чыгышты.
  • Бишкекте профилактикалык иштерге байланыштуу ЫСЫК СУУ берүү 21-майдан 21-июнга чейин токтотулат.
  • Парламент депутаты АИДА КАСЫМАЛИЕВА «элди аралабайт, көйгөйлөрдү билбейт» деп Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиевди кызматтан алууну сунуштады.
  • Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы "Аврора" пансионатында 22 адам ТАМАК-АШКА УУЛАНДЫ.
  • Октябрь райондук соту "коррупцияны уюштуруу" беренеси боюнча 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыраткан экс-депутат КАРГАНБЕК САМАКОВдун тарапташтары "кылмыш иши адилеттүү каралсын" деп Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышты.
  • Бишкек шаарында 40КА ЖАКЫН КӨЧӨ оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.
  • Жогорку Кеңеш "капиталдык курулуштар Ысык-Көлдүн жээгинен 300 МЕТР АЛЫСТЫККА гана курулсун" деген норманы караган мыйзам долбоорун 3-окууда четке какты.
  • 10-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 МИЛЛИАРД 669 МИЛЛИОН метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы билдирди.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо