Вагинит – АЯЛДАРДЫ ТӨРӨБӨЙ КАЛУУГА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ДАРТ

№810 11-май -17-май, 2018-ж.

«Вагинит (кольпит деген ат менен да белгилүү) – аялзатында эң кеңири таралган оору. Дарт жыныстык кында жаралат. Статистикага таянсак, аталган ооруну дүйнөдөгү аялдардын ар бир үчүнчүсү башынан өткөрөт» деген гинеколог врач Зуура Шейшеналиева вагинит тууралуу маалымат берет.

Кындын ичинде эмнелер жашайт? Сезгенүү кайдан чыгат?
Жыныс кынынын ичи терең, нымдуу. Ушунусу менен ал оору жаратуучу микробдорго көбөйүү үчүн идеалдуу жай болуп сезилгенсийт. Бирок андай эмес. Анткени анда микроскопиялык коргоочулар бар. Алар – лактобактериялар түркүмүнө кирген пайдалуу Дедерлейн таякчалары. Булар жыныс кынынын былжыр кабыгынын 97 пайызын ээлейт. Алар өз алдынча сезгенүүнү жаратышпайт. Аталган таякчалар суутектин иондорун бөлүп чыгаруу менен былжыр кабыкчанын кычкылдуулугун арттырат. Андай кычкыл чөйрөдө көптөгөн бактериялар жашай албай өлүп калат. Ошентип таякчалар көп атаандаштарынан арылат. Таякчалар былжыр кабыкчага керектүү витаминдерди бөлүп чыгарып турушат. Ошентип алар ээси менен «мага да жакшы, сага да жакшы» деген принцип менен жашай берет. Бирок жыныс кынында таякчалардан тышкары микробдордун дагы аз сандагы 40тай түрү бар. Кандайдыр бир себептерден улам таякчалардын саны азайып, башка микробдор көбөйүп, жыныс кынын ээлеп алганда сезгенүү – вагинит жаралат.
Сезгенүүнү стрептококк, стафилококк, ичеги таякчасы, микоплазма, гарднерелла, көк ириңдүү (синегнойная) таякчалар жана башкалар жаратат. Бирок кээде учуктун жана папилломанын вирусунан да келип чыгышы ыктымал.

ДАРТТЫН КҮЧӨП КЕТИШИНЕ САЛЫМ КОШЧУ ФАКТОРЛОР
Туура эмес диета, жеке гигиенаны сактабоо, жыныс кынын өз алдынча спринцовкалай берүү, бойго бүтүрбөөчү спиралды салдыруу, жыныс мүчөнү жууп күтүүгө арналган гелдерди ашыкча колдонуу, А витамининин жетишсиздиги, калкан жана уйку безинин оорулары (гормондор өзгөрөт), иммунитеттин төмөндөшү, антибиотиктерди баш-аламан ичүү (антибиотиктен пайдалуу бактериялар да өлүп калуусу мүмкүн) оорунун күчөп кетишин шарттайт.

КИЧИНЕКЕЙ КЫЗДАРДАГЫ ВАГИНИТ
Кичине кыздар кызамык, же кызылча же тепме оорусу менен ооруп калса, анда дарттын оору козгогучтары жыныстык органдарга чейин жетип, сезгенүүнү жаратуусу ыктымал. Анын үстүнө кичине кыздардын жыныс кынында пайдалуу бактериялардын саны аз болот. Андыктан кум, топуракта, ойноп, ич кийими убагында жуулбаган кыздардын жыныс кынына зыяндуу бактериялар кирип кетип сезгенүүнү жаратат.
Оору козгогучтардын түрүнө карап вагинит төмөнкүлөргө бөлүнөт.

КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕГИ ВАГИНИТ
Бойдо бар кезде аялдын организминде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп, бул жыныс кынына да таасирин тийгизбей койбойт. Мындай кезде дарылоо да кыйындыкты туудурат. Анткени дары каражаттардын көп түрүн колдонууга болбойт. Бирок дарылоо сөзсүз керек. Болбосо оору козгогучтар жатынды да сезгентишет.

АТРОФИЯЛЫК ВАГИНИТ
Муну карылык вагинити десе да болот. Анткени климакстан кийин жаралат. Бул аялдын организминде гормондордун деңгээли азайгандан улам жыныс кынындагы пайдалуу бактериялардын да азайып кетишинен болот. Бирок кээде жаштарда жана орто курактагыларда да вагиниттин бул түрү кездешип калат. Бул жатынды же эн безин алып салгандан болот.

ВАГИНИТТИН ТҮРЛӨРҮ:

Аллергиялык вагинитти презервативдин материалы, жыныс мүчөлөрдү күтүүгө арналган гелдер жаратуусу мүмкүн. Аллергиядан жыныс кыны шишийт, сезгенет.

Инфекциялык вагинитти уреаплазмоз, гонорея, учук дарттарынын оору козгогучтары пайда кылат.

Кандидоздуу вагинит. Кандида грибоктору жыныс кынында гана эмес, ал түз ичегиде, ооздо да болот. Көбүнчө антибиотиктерди ичкенден кийин көбөйүп сезгенүүнү жаратат. Грибоктор оралдык жана аналдык кошулууда да жугат.

Трихомонадалуу вагинит.Трихомонада микробдорунан вагинит жаралса жана аны дарылабаса, анда оору козгогучтар жатындын моюнчасын жана уретраны (заара чыгаруучу канал) да сезгентет.

Хламидиялуу вагинит. Хламидия бактериялары жыныстык жол менен жугат. Дартты айыктырбаса бактериялар табарсыкка, жатынга, эн бездерине, заара чыгаруучу каналдарга да тарап, аларды да сезгентет.

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ
Негизги белгилери – кычышуу, суюктуктун бөлүнүп чыгышы, ачышуу. Заара кылганда, этек кир келгенде, жыныстык кошулууда жагымсыздык күчөйт. Бөлүнүп чыккан суюктук түрдүүчө болушу мүмкүн. Мисалы, трихоманадалуу вагинитте жашыл өңдөгү көбүргөн жыты сасык суюктук чыгат. Кандидоздуу түрүндө ирип калган сүткө окшогон кычкыл жыттуу суюктук агат. Суюктук бир нече күндөн тартып бир нече айга чейин (өнөкөт түрүндө) созулушу ыктымал.

ДИАГНОЗ КОЮУ, ДАРЫЛОО
Диагноз үчүн жыныс кынынан мазок алуу, кольпоскопия жасатуу, кандын, зааранын жана гормондордун анализи керек. Дарылоодо антибактериалдык жана грибокко каршы дары каражаттар (таблетка, дары май, свеча, тампон), диета сунушталат. Өз алдынча дарылануу сунушталбайт!

ДАРТ КҮЧӨП КЕТСЕ...
Вагинит башталганда эле дарыланса оңой. Эгер айыктырбаса микробдор жатынга, жатын түтүкчөлөрүнө (бүтөлүп калат), жатын моюнчасына чейин өтүп кетет да аял кийин төрөбөй калуусу мүмкүн. Эрозия, эндометрит оорулары да жаралат. Жатындан тышкары бойго бүтүп калуусу да ыктымал.

АЛДЫН АЛУУ
Дарттын алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоо, антибиотиктерди өз алдынча ичпөө, баш аламан жыныстык жашоодон качуу жана башкалар керектелет. Оорунун белгилери билинер замат текшерилүү зарыл. А витамини болсо помидордо, шпинатта, сабизде, ашкабакта, жемиштерде көп. Буларды дамамат жеп туруу сунушталат.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
15.05.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы. Парадонтит деген оору бар экен тиш жана тиштин мулктору ооруйт экен. Ушул тууралу адистерден кенеш алып бериниздерчи сураныч. Кантип даарылайт жана канча сом болот? Коркунучтуу эмесби? Алдын ала рахмат!
15.05.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы. Бөйрөктө таш бар. Урологдордон кенеш сурап бериниздерчи. Дробления кылдырсамбы же операция кылдырсамбы. Дробления кылдырса кайра пайда болбойбцңу таш. Операциядан кийин бөйрөк өз ишин мурдагыдай аткарабереби же алсыз болуп калабы? 8-9мм 3-4мм эки үчөө бар экен. Же дары менен түшүрсө да болобу. Кандай дарылар пайдалуу СУРАП БЕРСЕНИЗДЕР СУРАНЫЧ?
15.05.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma, саламатсызбы! Төмөнкү шилтемеден окусаңыз болот. https://www.super.kg/article/show/42975?searchtext=бөйрөктөгү таш
15.05.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш ооруну кантип токтотсо болот. Чыдатпай сыздатып ооруйт. Невропотологко корунсом укол дары жазды жыйынтык чыкпады травма алгансын деп томография на тушурду бирок баары таза чыкты. Корунбогон врачым калбады акыры остеохондроз деп диагноз койду бирок.
Баш ооруган учурда колу бутум калтырап калат Сол кол Сол Бут кобуроок. Кээде бкалтырап суйлой албай Кай держим ооруганын да айта албай жатып калып атам. Эмне кылса болот.
15.05.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
erkinay.s,Нервти аз иштетиш керек. Баардык оору нервтен. Мен да башым ооруп, энкейе албай калгам. Капельница алып жакшы болдум. Журогум кошо дукулдоп чыкчу да. Фучикке барсанар орус аял бар невропатолог. Ошол кыйын.
15.05.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vikidiki,аты жонун жазып койчу
15.05.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бульезный болезн,буллезный эмфизема,деген оорулар жонундо да маалымат алып бергилечи. Эч айыккыс илим изилдей албаган оору дешти. Супер инфо жамааты алдын ала силерге ыраазычылык. Созсуз жооп кутом.
15.05.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тил картасы (тилдин моору)жонундо да маалымат кутобуз
16.05.2018. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатын моюнчасындагы киста же болбосо яйчниктеги киста жонундо маалымат алып бериниздерчи
18.05.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандилома оорусу жонундо маалымат алып берип коюнуздарчы, кантип айыктырат, канча сом болот, тажрыйбалуу гинекологдор жонундо дагы маалымат берип коесуздарбы?
20.05.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Интернет бар го, гуглдан эле издеп таап окубайсынарбы?
23.07.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашым 25те торой элекмин атрофиялык вагинит деп диогноз койду учурда дарыланып жатам,карылык вагинити дейт го анан мен Кудай сактасын жатынымды алдырган эмесмин эн бези деген эмне?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо