БЭЭ СҮТҮ МЕНЕН ДАРЫЛАНУУ. КАЙДА ЖАНА КАНЧА СОМГО?

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

Илгертеден кыргызда бээнин сүтү миң ооруга даба делет. Мындан улам акыркы жылдары бээ сүтүн ичкен адамдардын да, бээ сүтүн сатып бизнес кылгандардын да саны өсүп барат. Эмесе, бээ сүтү менен дарылануу үчүн кайда барууга болот? Аны кимдерге ичкенге болот? Кымыз ичүү сезону башталар алдында бул жаатта изилдеп көрдүк.

ДАРТКА ДАБА БЭЭ СҮТҮ
Бээ сүтүнүн дарылыгы Үркөр чыгып (июндун ортосу), чөп каткыча сакталат. Чөп каткандан кийин сүт күчүнө кирип, өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн. Эгер өнөкөт оорулар болбосо, жаңы тууган бээнин сүтүн аз-аздан иче берсе болот.
Бээнин уузу тарай элек сүтүн саалары менен жылуу бойдон 15 күн ичүү кажет. 15 күндөн соң уузу тарап, дарылыгы жоголо баштайт. Эгер андан көп ичем десеңиз, башка жаңы тууган бээни таап, сүтүн ичүү керек. Үзбөй 3-4 бээнин сүтүн ичсеңиз иммунитетиңиз жогорулайт. Тоолуу аймактагы жайлоолордо бээлер дарылык касиети көп чөптөрдү жегендиктен сүтүнүн дарылык касиети чоң.

БЭЭ СҮТҮНҮН ПАЙДАСЫ

1. Кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жардам берет.
2. Сүттүн курамындагы иммуноглобулин организмге сырттан кирген микроб жана вирустар менен мыкты күрөшөт. Иммунитетти, гемоглобинди көтөрөт.
3. Дем алуу жана заара жолдорундагы былжыр челдерди инфекциядан коргойт.
4. Кандын айланышын жана зат алмашууну жакшыртып, клеткалардын кайрадан калыпка келүүсүнө шарт түзүү менен картаюуну кечеңдетет.
5. Уйдун сүтүнө караганда бээнин сүтүндө белок жана май 1,5-2 эсе аз, ал эми лактоза 1,5 эсе көп. Ошондой эле кычкылдуулугу аз. Андыктан бээнин сүтүндөгү белок жана май адамдын организмине жакшы сиңет.
6. Бээ сүтүнүн курамында алюминий, жез, цинк, темир, фосфор, калий, натрий, магний, кальций жана башка минералдык заттар бар. Ошондой эле B1, B2, B3, B5, A, C, D3, D2, E, витаминдерине бай.

КАНДАЙ ӨЛЧӨМДӨ ИЧҮҮ КЕРЕК?
Кээ бирлердин аз ичкенде эле ичин алса, айрымдарга таасир деле этпейт. Андыктан ичин ала тургандар 5 маал 30-50 граммдан ичип, ашказанын көндүрүп, анан өлчөмүн көбөйтүүсү кажет. Кош бойлуулар жана жаңы төрөгөндөр көтөрүмүнө жараша, ал эми кан басымы жогорулар аздан ичсе болот. Оору курчуп турган кезде ичүү сунушталбайт. 2 жашка чейинкилерге кээде гана 1 ууртамдан берүү оң. Сүт ичкен убакта дары ичпөө керек.

КАЙСЫ ООРУЛАРДА ИЧИЛЕТ?

  • Ашказан жарасы
  • Өт, боордун оорулары (цирроз, сарыктын түрлөрү)
  • Нерв, тери оорулары
  • Өпкө ооруларында (анын ичинде кургак учук)
  • Кан тамыр, бөйрөк оорулары


КАНДАЙ ООРУЛАРДА ИЧИЛБЕЙТ?

  • Сөөк-муун оорулары
  • Миома
  • Жогорку кан басым
  • Псориаз
  • Панкреатит (уйку безинин оорусу)
  • Жатын түтүктөрүнүн барсылдагы (киста)
  • Кант диабети
  • Рак
  • Ичеги жарасы
  • Геморрой
  • Кызыл жүгүрүк

ТАБЛИЦА



Гүлжамал Абылкасымова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(6)
22.05.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ала-Буканын жайлоолорундада бар.кунуно 200 дон эле.Тамак аш озун жасап жейсин.жашаган шарттары бар.ото ынгайлуу
23.05.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баткенде 10 кунго 1500-3000 сом экен. Чуйдо кунуно 2000-12000
25.05.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжайда саамал ичуу башталганына уже бир ай болуп калыптыр,10 кунго 4 адам алат экен.Апам кече келди.экинчи поток менен барды.бронхити бар болчу уже таасири билинип калды жотологону жоголуптур.25-майдан баштап бээнин суту кучуно кирет экен жана коп ооруларга мумкун эмес болуп калат экен.
Baiana2017 түзөттү 2018-05-25 10:19:26
28.05.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baiana2017,кадамжайдагынын номери болсо берчи менда барып келейин алдын ала рахмат
28.05.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdibait,таблицада корсотулуп турат го.супер инфого Рахмат бардык маалыматты бериптир.бизден бир гана барып эс алып келуу гана калыптыр.
26.05.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон Кеминдин Калмак Ашуу айылында Кардон мейманканасы боз уй эле эмес 2 кабат конок уйу баардык шарттары менен, чарпаясы, боз уйу, кафеси бар) Бишкектен маршрут каттайт, эс алууга эн сонун жер. Ишенбесенер барып коргуло)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо