ОРОЗО КАРМООНУН ШАРТТАРЫ

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

Көптөн күткөн ыйык Рамазан айы да кирип келди. Отуз күн орозо тутууга дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды аткарышы керек? Быйыл битир-садаганын өлчөмү канча? Сиздерге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бекитилген маалыматтарды сунуштайбыз.


Орозо кармоо кимдерге сунушталбайт?

  • Узак жолго чыккандарга
  • Оорукчандарга
  • Этек кири (айызы) келген аялдарга
  • Төрөттөн кийинки кандан тазалана элек аялдарга
  • Орозого күчү жетпеген карыларга
  • Эмчек эмизген жана кош бойлуу аялдарга

Эскертүү! Ден соолугуна, шартына байланыштуу орозо кармабай калгандар же аны каза кылгандар кийинки Рамазан айына чейин каалаган айда парзын аткарышса болот.

ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛАТ?

  • Атайылап тамак-аш жеп алса же суусундук ичсе;
  • Тиштин арасында калган тамак-аштын калдыгын жутса;
  • Чылым же насыбай чексе же жыттаса;
  • Тамакка, мурунга дары чачыратканда, тамызганда, ашказанды текшертүү үчүн шланг жутса (анткени ага май же крем сүйкөлөт);
  • Клизма кылдырса;
  • Түгөйүнө атайын жакындык кылса, атайылап бел суюктугун чыгарса (мастурбация, оргазм жана башкалар);
  • Башка адамдын шилекейин жутса (жубайлардын өбүшүүсү);
  • Бирөөлөр менен катуу урушуудан, сөгүшүүдөн абайлоо керек.


ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛБАЙТ?

  • Унутуп жеп же ичип алган учурда, кокусунан түтүн, чаң жутуп алса, тамагына чымын-чиркей кирип кетсе;
  • Унутуп жубайы менен жакындык кылып алса;
  • Таңдайдан өткөзбөстөн тамактын тузун көрүп, кайра тилди суу менен чайкап салса;
  • Ден соолугуна байланыштуу көзгө, кулакка дары тамчылатса;
  • Ооздогу шилекейди, какырыкты, чимкирикти жутса;
  • Мурун канаса же бир жери кесилип кан акса;
  • Тамакты жутпай балага тамак-аш чайнап берсе.



БИТИР-САДАГА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Битир-садага – айт намазына чейин муктаж мусулмандарга берилүүчү садаганын бир түрү. Ал кедей-кембагалдарга жардам катары, орозонун кабыл болуусу үчүн, жамандыктардан жана кыйынчылыктардан арылуу максатында да берилет.

БИТИР-САДАГАНЫ КИМДЕР берет?

  • Битир-садага берген адам мусулман болушу керек. Башка динди тутунган адам милдеттүү эмес.
  • Ар бир мусулман өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн битир-садага чыгаруусу милдет. Балдары өздөрүн камсыз кылган деңгээлде болсо, анда алар өздөрү үчүн беришет. Эгер балдары жакыр болсо, анда алар үчүн атасынын бергенине уруксат.
  • Эненин курсагындагы түйүлдүк үчүн берилбейт.


БИТИР-САДАГАНЫ КИМДЕРГЕ БЕРҮҮ КЕРЕК?

  • Кедей-кембагал, жакыр, мусапыр адамга (бир адам көп кембагалга же көп адам бир кембагалга берсе болот);
  • Садага-зекетти жыйнаган адамга;
  • Исламды жаңыдан кабыл алганга же кабыл алууга кызыккан адамга;
  • Карызы көп адамдарга.

Эскертүү! Ата-эне, жубай, бала-чака жана неберелерге битир-садага берилбейт.

Быйылкы битир-садаганын өлчөмү – 1,6 килограмм буудай же анын баасы менен 30 сом. Же болбосо мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкү азыктарды берүүгө болот.

  1. Ун – 1,6 килограмм = 35 сом
  2. Арпа – 3,2 килограмм = 48 сом
  3. Мейиз – 1,6 килограмм = 384 сом
  4. Курма – 3,2 килограмм = 480 сом


ТАБЛИЦА



ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ

Навайту ан асувма саума шахри Рамазана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таала Аллаху акбар.

МААНИСИ
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.

ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ
Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва ала ризкика афтарту, фагфирли ма каддамту ва ма аххарту бирохматика йа армахаар рохимин.

МААНИСИ
Алла Таалам, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.


Дамира Арстанова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
22.05.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат
22.05.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кармаган Орозонор кабыл болсун!
Кочодо чылым чеккендер толтура да,байкабай жыт алып калышын мумкун эмне болот?
22.05.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандайча ата-эне жубайга битир садака берилбейт дейт,тушунбодум?
22.05.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn,битир садаканы ата энене жубайына берилбейт дегени ал кедей кембагалдарга колунда жок мусапырларга бер дегени же болбосо мечитке милдеттуу турдо битир садаканы же акчанын олчому корсотулуптурго ошону калтырасыз уй булодо канча адам болсонуздар ар бириниздерге ошончо олчомдо битир бересиздер
Floweriza түзөттү 2018-05-22 14:55:42
24.05.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну Орозо айы башталгыча чыгарсанар болмок. Супер - Админ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо