КУЛМАТОВ БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН БАШЧЫЛЫГЫНАН КЕТТИ

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

14-майда Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын башчылыгынан кетти. Анын ордуна бул тармакта 25 жылдан бери иштеп келе жаткан, кесиби боюнча тарыхчы Алмаз Оңолбеков дайындалды. Анын таржымалы Бажы кызматындагы жөнөкөй инспектордон башталып, бардык тепкичтерди басып өткөн. Ал буга чейин "Түндүк" бажысында ыкчам бөлүмдүн жетекчиси болуп келген.

Кубанычбек Кулматов бул кызматка 2017-жылдын декабрь айынан тарта жетекчилик кылып келген. Ал буга чейин да Бажы кызматынын башчысы, Улуттук банктын төрагасы, Бишкек мэри, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп соңку жылдары майлуу-сүттүү орундарды ээлеген. Бажы кызматында ал быйылкы жылы 1,5 айда "Ош" бажысынын кирешеси 10 эсе, Борбордук бажынын кирешеси 2 эсе өскөнүн жарыялаганы менен эсте калган. Ал 11-майда УКМКга чакырылып, Бишкектин мэри болуп турган учурунда кытайлык ТВЕА компаниясы берген акчанын эсебинен салынган мери болуп турган учурунда кытайлык TBEA компаниясы берген акчанын эсебинен салынган мектеп боюнча суракка алынган.






Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо