Даниел Кадырбеков, саясат таануучу: "САПАР ИСАКОВДУН "САЯСИЙ КУУГУНТУК БОЛУП ЖАТАТ" ДЕГЕНИ ТҮШҮНҮКСҮЗ ЖАНА НЕГИЗСИЗ"

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун өзүнө карата «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп жарыялаганы талкууга түштү. Буга чейин белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаров, Канат Исаевдер күмөндүү адамдардын арызы, шектүү адамдардын сүйлөшүүсүнүн негизинде кармалып жатканда жарандык коомдо «саясий куугунтукту токтотуу» чакырыктары көп жолу айтылган. Анда бийлик «саясий куугунтук жасалып жатат» деген туура эмес экенин, укук коргоо органдары коррупциялык иштин бетин ачуу үчүн өздөрүнүн ишин жасап жатканын айтып жооп узатып келген.

Исаковдун бул жарыясын талкууга алган саясат таануучулар, коомдук ишмер, саясатчылар көп болду. Алардын бири, саясат талдоочу Даниел Кадырбеков "саясий куугунтук" акыркы 6 жылда, тагыраагы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда күчөгөнүн айтат.

Сапар Исаковдун "саясий куугунтук" дегени аябай түшүнүксүз. Себеби парламентти карай турган болсок, башкаруучу коалиция КСДПдан, өкмөттүн мүчөлөрү да КСДП партиясынан турат. Башка органдардын башында да КСДП партиясынын монополиясы бар экени баарыбызга маалым. Президент деле ошол партиядан сунушталып келген. Ошондуктан Исаковдун "саясий куугунтук" деп айтканы түшүнүксүз жана негизсиз деп ойлойм.

Акыркы 3-4 жылдын ичинде канча деген куугунтук иштер болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда ЖМК өкүлдөрүн сотко берип, мүлктөрдү камакка алууга чейин барды. Ал учурда Исаков унчукпай отурган. Өзү да бир нече жолу "Бизде демократия түзүлгөн. Сот менен башкы прокуратура өз ишин аткарат. Биз чыныгы мамлекетти курдук" деп айткан. Эми эле "саясий куугунтук" дегени, албетте, күлкүлүү нерсе. Муну антип атаганга болбойт. Себеби азыр бийликти КСДПнын төрагасынын орун басары болуп отурган Сапар Исаковдун достору ээлеп турат. Алар өлкө тагдырын чечет. Эгер Исаков ошолорду куугунтук кылып жатат деп айтса, анда эмне үчүн 6 жыл ошолор менен бирге премьер катары иштеди? Эми аны иштен алып салып, коррупция боюнча суракка алына баштаганда "куугунтук" деп атаганы кесипкөйлүктүн белгиси эмес,- дейт Кадырбеков.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо