Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт башчы: «ЖАРЫКТЫН БААСЫН КӨТӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ БОЛБОШУ КЕРЕК»

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

Келерки кышка даярдык боюнча өкмөттүн жыйыны өтүп, анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев электр энергиясына болгон тариф көтөрүлбөшү керектигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов көмүр кымбаттап жатканын айтып, «мындан улам жылуулукка болгон тарифтерди көтөрүү керек» деп чыкты. «Энергетика тармагында миллиондогон долларлык уурдоолор болгон» деп шек жаралып, бир топ мамлекеттик чиновниктер камалып жатканда электр энергиясына тарифтерди көтөрүү жөнүндө сөз кылуунун өзү элди келесоо көрүү болмок. Муну өкмөт башчы түшүнүп турат. Андыктан ал «Энергетика тармагындагы иштерди ачыктап, элдин ишеничине кирип, эл бизге ишенмейинче тарифти көтөрүү жөнүндө сөз болбош керек" деди. Мындан тышкары энергетика тармагына рыноктук системин киргизүүнү, өзүбүздүн көмүрдү пайдаланууну, ГЭСтерди оңдоп-түзөөнү жөнгө салуу керектигин билдирди. «Токтогул ГЭСинде буга чейин 2 кырсык болду, ЖЭБде бир кырсык болду. Көйгөйлөрдү чечип, мындай нерсени болтурбоого аракет кылышыбыз керек. 2018-2019-жылга жогорку деңгээлде даяр болушубуз керек",- деди Абылгазиев.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо