-

Бишкек мэриясы 1-июнь –
БАЛДАРДЫ КОРГООНУН эл аралык күнүнө карата өтүүчү иш-чараларга 442 миң сом жумшайт. Маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
-
Өкмөт өлкөнү АРЗАН ИНТЕРНЕТ менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алууда. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети жактырган келишимге ылайык, акчанын 25 миллиону насыя, 25 миллиону грант түрүндө берилет.
-
Жогорку окуу жайга тапшырууга АКЧАСЫ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕРГЕ кредиттер бериле башташы мүмкүн. Тийиштүү мыйзамдын долбоору парламентте каралууда.
-
Мурдагы премьер-министр САПАР ИСАКОВ «Бишкек ЖЭБин жаңылоо маселеси боюнча Кытайга бир да жолу барган эмесмин» деп билдирди. Анын бул сөзүн КСДП өз билдирүүсү аркылуу жарыялады.
-
Парламент депутаты УЛАН ПРИМОВ экологияга кам көрүү үчүн 1995 же 2000-жылга чейин чыгарылган автоунааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Өкмөт өкүлү мыйзам буга жол бербей турганын билдирди.
-
Кыргыз жеринде 5300 ҮЙ-БҮЛӨ жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Алмаз Асанов билдирди.
-
Вице-премьер-министр ЖЕҢИШ РАЗАКОВ Баткенде эл менен жолугушууда «кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тарткан адамдардын жоопкерчилиги каралат» деп билдирди.
-
Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө калың кар жаап, жергиликтүү чабандын 200 БАШ КОЮ ӨЛДҮ.
-
Билим берүү мекемелеринде иштеген китепканачылардын, башчы ашпозчулардын, механиктердин жана жатакана жетекчилеринин АЙЛЫКТАРЫ КӨТӨРҮЛӨТ. Жооптуу министрликтин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
-
Мамлекеттик салык кызматынын башчылыгына ТЕҢИЗБЕК АБЖАПАРОВ дайындалды. Абжапаров буга чейин Социалдык фондду жетектеп келген.
-
Өкмөт чет өлкөдө КАЗА БОЛГОН Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн анын жакындарына 50 миң сомдон берүүнү караган токтом кабыл алды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg