БУУ КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮН КЫЗ АЛА КАЧУУНУ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы системи кыз ала качууга каршы билдирүү жасады. “Мажбурлап никеге тургузуу адамдын фундаменталдык укуктарын бузуу болуп саналат. Кыз ала качуу, мажбурлап никеге тургузуунун Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына жана каада-салтына байланышы жок, тескерисинче, аялуу адамдардын укуктарын бузуу”,- деп айтылат маалыматта. Уюм акыркы маалыматтар боюнча Кыргыз жеринде 24 жашка чейинки кыздардын 13,8 пайызы күйөөгө мажбурлоо жолу менен тийгенин, БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү бул мыйзамсыз көрүнүштү түп тамырынан токтотууну колдой турганын билдирет. Ошондой эле Кыргыз мамлекети жашы жете электерге молдолордун нике кыюусуна тыюу салуу менен мыйзамдык базасын жакшыртканын, бирок буга кошумча чараларды көрүү зарылдыгы турганын маалымдады. “БУУнун Кыргызстандагы агенттиги өлкө бийлигин жогорудагыдай көрүнүштү токтотууга жана улуттук мыйзамдарды, эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө чакырат”,- деп айтылды маалыматта. Уюм бул билдирүүсүн кыз ала качуу боюнча өлкөдөгү соңку окуяга байланыштуу жасады. Айта кетсек, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери шектүү унааны токтотушуп, жигит 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, аларды Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызды бычактап, кыз алган жаракатынан улам көз жумду. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери кыз менен жигитти бир жайга чогуу киргизип койгону үчүн “шалаакылык” беренеси боюнча айыпталууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо