Парламент Башкы прокуратуранын 2017-жылкы ишин “КАНААТТАНДЫРАРЛЫК ЭМЕС” деп тапты.
- НУРЛАН ДАРДАНОВ башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Нарын облусунун прокурору болуп иштеп келген.
- Кыргыздын 2 МИҢ СОМДУК купюрасы КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты банкнота деп табылды.
- САНЖАР ИСАБАЕВ Президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин бул бөлүмдү Манас Арабаев жетектеген.
- Британиялык “Аpolitical” изилдөө уюмунун тизмесинде экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА гендердик саясатты алдыга жылдыруу боюнча дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын катарына кирди.
- ШАЙЫРБЕК АБДРАХМАН КТРКнын башкы директорунун орун басары кызматын аркалоого киришти.
- “Түндүк” темир жол бажысынын мурдагы башчысы НУРБЕК АЙБАШЕВ кармалды. Ал мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө.
- “Үстүнөн кылмыш иши козголгон саясатчылар МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ менен ӨМҮРБЕК БАБАНОВ эртели-кеч кармалат”,- деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.
- Кыргызстанда эл колдонуп жаткан ундун 9 ПАЙЫЗЫ гана керектүү витаминдер менен байытылып жатканын Экономика министрлигинин өкүлү Насирдин Шамшиев билдирди.
- Базар-Коргондо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери айдоочулар төлөгөн айып пулду МЫЙЗАМСЫЗ ЫЙГАРЫП алууга шектелүүдө.
- Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиевдин айтымында, учурда 800 МИҢДЕН ашуун Кыргыз жараны чет өлкөдө эмгектенип жүрөт.
- Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы экономика министри АРЗЫБЕК КОЖОШЕВ УКМКга суракка чакырылды.
- Парламент депутаты Мурадыл Мадеминов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВдун үйүн текшерүүнү сунуштады.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg