ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 4-июндан 10-июнга чейин

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.




КОЙ (21.03-20.04)
Дос, кесиптеш, жакындарыңыз менен алака кылууда токтоо болуңуз. Пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Жашыруун душмандардан сактаныңыз, антпесеңиз ушак-айыңга кабыласыз же жагымсыз кабар угасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрү, жакын санаалаштар тараптан сизге ишенбөөчүлүк жаралып, дооматтар айтылат. Өзүңүздүн ак экениңизди далилдөөгө аракет жасап көрүңүз. Чыгым чыгат, акча көйгөйү жаралат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада кээ бир тоскоолдуктарга кезигесиз. Айрыкча көзөмөл органдары, башка шаардык адамдар, кызматта иштегендер көйгөй жаратышат. Жакындарыңыздын маселеси да жүдөтөт. Кайгырбай туруңуз, жакында баары өз нугуна түшөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөр, кызматтагы адамдар менен алака кылууда акылга калчап иш жасаңыз. Менменсинүүдөн улам түшүнбөстүктөр жаралып, кээ бирлер менен мамилелердин бузулушу мүмкүн. Жубайыңызга да аяр мамиле жасап, чырдын алдын алыңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Ишиңизде текшерүүлөр жүрөт. Маанилүү иш кагаздарды даярдоого көп убакыт кетерин шылтоолоп, текшерүүнү кийинки аптага жылдырууга аракеттениңиз. Кесиптештердин кысымына туш болсоңуз капаланбаңыз. Ден соолукка көңүл буруңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада чыгымдар болуп, акча көйгөйүнө туш болууңуз ыктымал. Акча эс алууга, чыгармачылыкка же балдардын керектөөлөрүнө жумшалмакчы. Балдардын талаптарын аткарбасаңыз таарынышат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй-тиричилик, турак жай, жер тилкеси, туугандарга байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да ачууңузду көзөмөлдөп, буга чейинки ийгиликтердин тилкесин андан ары улаңыз. Өнөктөштөргө, жубайыңызга да жумшак мамиле керектелет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакын чөйрөдөгү адамдар, кесиптештер жана туугандарыңыз менен баарлашууда токтоо болуңуз. Болбосо чырлашып, айтышып калууңуз мүмкүн. Унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө сак болуңуз, кооптуу мезгил.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржы жаатындагы көйгөйлөргө, андан улам түшүнбөстүктөргө туш келесиз. Акчаны балдарга, чыгармачылыкка, эс алууга да жумшоого туура келет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сизди айрым каршылыктар менен көйгөйлөр күтөт. Көйгөйлөрдү үй-бүлө мүчөлөрү жаратат же анын жаралышына түрткү болушат. Үй-чарбасындагы иштер ойдогудай кетпей жатса ачууга алдырбаңыз. Кийинки аптада баары өз нугуна түшөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жашыруун душмандар активдешет. Андыктан кыраакы болуңуз. Жакын чөйрөңүздөгү адамдар менен кер-мур айтышып калууңуз ыктымал. Мындан сырткары жагымсыз кабар угасыз же аргасыз сапарга чыгасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада достор, кесиптештер менен жакшы тил табышууга аракеттенүү кажет. Болбосо келишпестиктер келип чыгат. Акча көйгөйү жаралат. Кандай кырдаал жаралбасын ачууңузду баса билсеңиз, утуш сиз тарапта болмокчу.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо