ЭҢ КООПСУЗ УНААЛАР

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

Мезгилге жараша кандай унаалар чыкпасын адамдын коопсуздугу биринчи орунда болуусу керек. Өнүккөн өлкөлөр буга өзгөчө маани берет. АКШда “IIHS” агенттиги, ал эми Европада “EuroNCAP” уюму жыл сайын унааларды краш-тесттен өткөрүшүп, эң коопсуз автоунааларды аныктап турушат.

Краш-тесттеринин 2017-жылдагы жыйынтыгы боюнча:

Жогорку класстагы седандар арасында:

1-орунда:
Volkswagen Arteon


Чоң жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу


Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу


Кичинекей балдардын коопсуздугу


Кошумча коопсуздук элементтер



Жол тандабастар арасында:
1-орунда:
Volvo XC60



Кичи класста:
1-орунда:
Volkswagen Polo



Минивэн:
1-орунда:
Opel Crossland X



Кроссовер:
1-орунда:
Subaru XV



Универсал:
1-орунда:
Subaru Impreza



КООПСУЗДУК КРАШ-ТЕСТ МЕНЕН ТЕКШЕРИЛЕТ
Унааны коопсуз кылган негизги факторлор – бул анын классы жана салмагы. Канчалык автонун классы жогору жана салмагы оор болсо, ал ошончолук коопсуз деп эсептелинет. Мындан тышкары коопсуздук унаанын жашына да түзмө-түз тиешелүү. Азыркы заманбап унаалардын кузовдору сүзүлгөн учурда ошол күчтү жана ылдамдыкты баскан атайын элементтер менен жабдылган. Унаанын конструкциясындагы салондун негизги төрт бурчтугу сапаттуу болоттон жасалат. Ошондой эле коопсуздук үчүн ар бир нерсе маанилүү – унаанын манёвр жасай алышы, рулдук башкаруунун тактыгы, асманын кубаттуулугу жана башкалар.
Краш-тест өткөргөн көз карандысыз “EuroNCAP” уюмун алып көрсөк, ал 4 негизги абалды текшерүүдөн өткөрөт. Бул чоң адамдардын коопсуздугу, балдардын коргоосу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана кошумча электрондук коопсуздук системдери. Аларга атайын баалар ыйгарылып, жыйынтыгында жалпы рейтинг аныкталат.

Америкалык "Forbes" журналынын жыйынтыгы боюнча коопсуз унаалардын алдыңкы үчилтиги:

3-орунда:
Volvo S60


Volvo ар дайым коопсуздукка биринчи көңүл буруп келген. S60 моделинин конструкциясынын бекемдигинен тарта заманбап коопсуздук мониторинг электротехникалары менен жабдылган. 2010-жылкы экинчи муундагы седан жөө жүргүнчүнү сезгенде автоматтык түрдө токтоп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.


2-орунда:
Mercedes-Benz Е-класс


Немис унаасында түндө көрүү системи орнотулган. Адаптивдүү фаралар, коопсуздук жаздыктар артында жана алдында дагы бар.


1-орунда:
Audi A6


Коопсуздук үчүн керектүү бардык заманбап электротехникалар, салону эң чоң коопсуздук жаздыктар менен жабдылган.


Америкалык IIHS изилдөөлөрү боюнча эң жогорку баага татыган коопсуз унаалар:

► Subaru Impreza

► Subaru Legacy

► Subaru Outback

► Toyota Camry

► Mercedes-Benz

E-Class

► KIA Forte

► KIA Soul

► Subaru WRX

► BMW 5 series

► Hyundai Santa Fe


ЭҢ КООПТУУ ДЕЛГЕН УНААЛАР

Кооптуу деп саналган автолордун сап башында Кытай өлкөсүнөн чыгарылган унаалар саналат. Краш-тестке бул унаалар чыдаган эмес.
Мындан тышкары тесттин жыйынтыгында кооптуу унааларга булар кирген:

► Toyota Yaris

► Mitsubishi Lancer

► Audi 5000

► Ford Bronco

► Nissan Almera

► Nissan Navara


УНААНЫН КАЙСЫ ЖАГЫ ЭҢ КООПСУЗ?
Көпчүлүк айдоочунун артындагы орун эң коопсуз деп ойлошот. Бирок авариялардын статистикалык изилдөөлөрүнө ылайык, коопсуз орун катары арткы орундуктагы айдоочунун оң жактагы оруну табылган. Америкалык «Pediatrics» ири басылмасынын изилдөөсү боюнча, арткы орундуктар алдыңкы орундарга караганда 80 пайызга коопсуз. Башкысы, унаадагы адам коопсуздук курун тагынган болушу керек.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
12.06.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Subaru жакшы унаа негизи
12.06.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
anonymous,сырттан караганда, жургондо мага да жатат, бирок ондогону келгенде чонтогунду антарат. Капризный.
12.06.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билбеген коп маалыматтар бар екен мен озум Suzuki Grand Vitara айдайм да бул унаа деле коопсуз унаалардын катарына кирсе керек менин оюмча
16.06.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zainidin96,Россияда запчасть табыш кыйын экен. Кышында бузулуп калып башка шаардан заказ кылып алдырдым. Бирок жалпы эсептен жакшы машина
15.06.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамдын машинасы subaru forester,абдан жакшы машина экен тоолорго жана таштак жерлерге чыдайт экен,2013 жылы алганбыз бузулган жок.
16.06.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Субаруну капризный дегендер терен жанылышасынар, кээ бирлер тигиндей, мындай экен десе, аны угуп алып айдап корбогон неме деле ошондой экен дей берет.
18.06.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн коопсуз уна велосипед
18.06.2018. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшысы менин пассат б3 универсалым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо