ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ «МААНИЛҮҮ ДАЛИЛДИ ЖАШЫРГАН» ДЕП СУДЬЯНЫН ҮСТҮНӨН АРЫЗ ЖАЗДЫ

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунун төрага орун басары Адис Момуналиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. «Ата Мекендин» юристи Таалайгүл Токтакунова аталган сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттон акталуусуна жардам бере турган далилди жашырып койгонун айтат. «Момуналиев кызматтык абалынан пайдаланып орусиялык ишкер Леонид Маевский менен Текебаев жолукпаганын далилдей турган документти билип туруп Жогорку Соттун кароосуна жөнөткөндө ишке тиркебей койгон»,- дейт юрист. Соттук териштирүү маалында Маевскийдин 2010-жылы Бишкекке келген учурда барган жерлерин аныктоо үчүн анын телефондук сүйлөшүүлөрү тууралуу «Нур Телеком» («О!») уюлдук компаниясына кат жөнөтүлгөн. Ошол катка келген жооп иштин материалдарына тиркелбей калганы айтылды. Текебаев аталган судьяга кылмыш ишин козгоону талап кылууда.

Ушул аптада Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Өмүрбек Текебаевди дагы бир жолу медициналык кароодон өткөрүү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына тапшырма берди. Бул тапшырма «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын сунушу менен берилди.
 
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо