-

Бишкек шаардык соту экс-депутат
КАРГАНБЕК САМАКОВду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
-
Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-январынан 1-июнуна чейин 30 МИЛЛИАРД 819 МИЛЛИОН СОМ салык чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
-
2017-жылы Бишкек шаарында санитардык-экологиялык эрежелерди бузгандарга 2 МИЛЛИОН 198 МИҢ СОМ айып пул салынган. Бул тууралуу Санитардык-экологиялык инспекциясы билдирди.
-
Бишкекте миңден ашык адамдын катышуусу менен «Биз, жаштар, КЫЗ АЛА КАЧУУГА жана эрте турмуш курууга каршыбыз» деген аталыштагы флешмоб болуп өттү.
-
Парламент сот системинин 2017-жылкы иши боюнча Жогорку Соттун төрайымы АЙНАШ ТОКБАЕВАнын маалыматын укту.
-
Жогорку Сотто саясатчы САДЫР ЖАПАРОВдун ишин кароо башталды, кезектеги соттук отурум 13-июнда өтөт.
-
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары ЗАМИРБЕК НИЯЗАЛИЕВ кармалды. Ал мамлекетке 116 миллион сом зыян келтирди деп айыпталууда.
-
Учурда өлкөдө 24 МИҢ БАЛА ата-энелери чет өлкөгө кетип, тууган-туушкандарынын колунда тарбияланып жатканын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Назгүл Чолумова билдирди.
-
Кыргызстан-Кытай ГАЗ ТҮТҮГҮН КУРУУ 2019-жылы башталат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов билдирди.
-
Бишкектеги Кыргыз техникалык университетинин кафедра башчысы студенттен 20 МИҢ СОМ ПАРА алып жатканда кармалды. Маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
-
Орусия заводдорунда баалар көтөрүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз жеринде июнь айында КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН БААСЫ кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясы билдирди.
-
"Чыгыш электр" ишканасы 32 миң "акылдуу эсептегич" сатып алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4 МИЛЛИОН евро насыя алууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg