-

Парламент жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Транспорт жана жолдор министрлигинде
УУРДАЛЫК КЕТКЕН 152 миллион сом артка кайтарылганын билдирди.
-
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Германиянын Халла шаарында "ЖАМИЛЯ" ТАСМАСЫ немис тилинде көрсөтүлдү.
-
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 551 адам Кыргыз Республикасынын ЖАРАНДЫГЫНАН ЧЫГАРЫЛСА, 342 адам Кыргыз Республикасынын ЖАРАНДЫГЫН АЛДЫ. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
-
Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, ала качып бараткан кызды милиция бөлүмүндө өлтүрүп, андан соң ӨЗҮНӨ БЫЧАК САЙГАН кылмышка шектүү 12-июнь күнү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулуп, тергөө иштери жүрүп баштады.
-
Бишкектин Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 1890 чарчы метр болгон жаңы СЕЙИЛБАК АЧЫЛДЫ.
-
13-июнда Бишкек шаарында топ ойноп жаткан 11 жаштагы баланын үстүнө ФУТБОЛ ДАРБАЗАСЫ КУЛАП, ал каза болду.
-
Бишкек шаарында үйлөргө ЫСЫК СУУ убагынан эрте берилиши мүмкүн. 15-17-июнь күндөрү түтүктөр текшерилип, кемчиликтер катталбаса, ысык суу убагынан эрте берилет.
-
Парламент депутаты БОЛОТБЕК ИБРАИМЖАНОВ Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
-
Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы САПАР ИСАКОВДУ 2 айга камакка алуу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
-
ТВЕА компаниясы курган "ДАТКА-КЕМИН" ПОДСТАНЦИЯСЫН Эсептөө палатасы менен Башкы прокуратура текшерүүдө.
-
Буга чейин чет өлкөгө качып кетти делген ички иштер министринин орун басары ДАНИЯР АБДЫКАРОВ Кыргыз жерине кайтып келди. Ал үй-бүлөсү менен Түркияда эс алып келген.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg