АЙДОО ЖЕРИНЕ КУРУЛГАН 40 МИҢДЕЙ ҮЙ МЫЙЗАМДАШТЫРЫЛАТ

№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.

Жогорку Кеңеш айдоо жерлерине курулуп калган турак жайларды мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, өлкөдө 2009-жылдын 31-июлуна чейин үй курулуп калган сугат жерлерди трансформациялоого уруксат берилет. Маалыматка ылайык, 1983-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз мамлекетинин 218 айыл аймагынын 13 478 гектар айдоо аянты турак жай курууга берилип кеткен. Алардын 11 784 гектары сугат жери. Бул жерлерде учурда 42 миңден ашык үй-бүлө турак жай куруп, жашап жатышат.

Депутат Айтмамат Назаров мыйзамды даярдоодо Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы жер тилкелери боюнча талаш-тартыш жаралганын айтты. Талаштуу аймактардагы жерлерди трансформациялоо боюнча өкмөт күзүндө өзүнчө мыйзам долбоорун сунуштаганы жатат.

Айта кетсек, 2009-жылга чейин сугат жерлерине курулуп калган үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү жөнүндө мыйзамды парламент 2017-жылы жайкы каникулга кетерде кабыл алган. Бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тартып, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган. Парламентте макулдашуу тобу түзүлүп, документ кайрадан иштелип чыкты. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мыйзам кабыл алынары менен эле жарандарга турак жайларын мыйзамдаштыруу укугу берилбей турганын, трансформация боло турган жер тилкелерин өкмөт дыкат аныктап чыгарын, кылмыш иштери бар жана соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан жер тилкелери трансформация боло турган жерлердин тизмесине кирбей турганын билдирди. Мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилет.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо