ЭКС-МИНИСТР ТЕМИР САРИЕВ УКМКда СУРАК БЕРҮҮДӨ

№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев УКМКга 2-жолу суракка чакырылды. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берүүдө. "ЖЭБ боюнча түзүлгөн келишим тууралуу Экономика министрлигинин 2013-жылдагы өзгөчө пикири бар болчу. Тергөөчүлөр ошол боюнча тактоочу суроолорду беришти. Эгер дагы суроолору пайда болсо, кайра чакырышы мүмкүн",- деди Сариев. Буга чейин ЖЭБ чыры боюнча УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган соң мурдагы премьер Сапар Исаков, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов жана башкалар камакка алынган. Бул окуя боюнча жалпы ондон ашык азыркы жана мурунку чиновниктер камакта отурушат. Айта кетсек, Темир Сариев 2011-2015-жылдары Экономика министрлигин жетектеп турган. Ал эми Бишкек ЖЭБи 2014-2017-жылдары Кытайдан алынган 386 миллион долларга жаңыланып, долбоорду ишке ашырууда коррупцияга жол берилгени белгилүү болду.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо