ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН "КАРА ТИЗМЕ", ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ АТАМБАЕВ ЖАНА АБАКТАГЫ ТЕКЕБАЕВ ТУУРАЛУУ ЖАЗДЫ

№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.

Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан экс-президент Алмазбек Атамбаев, абактагы оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугушканы жана учурда саясий чөйрөдө кеп болуп жаткан "кара тизме" тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды. Элчи жогорудагы эки саясатчы менен көрүшүүнүн алдында "кара тизмеге" кирип каласың" деген эскертүүлөр болгонун билдирет.

Элчинин жазганына караганда, ал "кара тизмеге" кирип калышы мүмкүн" экендигине карабастан Атамбаевге да, Текебаевге да жолугуп, ал-жай сурашып чыккан.

– Эки кыргыздын башы бириксе, сөзсүз саясатты сүйлөшүшөт эмеспи, элибиздин учур чагын, келечегин, ал эле эмес, тээ Малайзиядагы Махатхирди да сүйлөштүк. Алмазбек Шаршенович өлкөбүз Малайзиядагыдай парламенттик башкаруу жолуна бара жатканына ичи жылыганын билдирди. Өмүрбек Чиркешовичтен болсо азыр эле түптүз барып мамлекетти башкарып кете алчудай темирдей бекем эркти байкадым. Бирок ден соолугу анча эместей,- деп жазган К.Султан. Интернет тармагында жазган билдирүүсүн элчи "Баса, "кара тизме" тууралуу... Кореяда "кара тизме" түзгөнү үчүн быйыл кээ бир аткаминерлер алдылары бир нече жылга кесилип, арты олчойгон айып пул төлөөгө милдеттендирилишти" деген сөздөр менен аяктаган.

Маалымат үчүн: Түштүк Кореяда ушул жылдын башында мурдагы маданият министри эки жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле президенттик администрациянын мурдагы башчысы төрт жылга соттолгон. Алардын жогорудагыдай жазаларга туш болуусуна учурунда экс-президент Пак Кын Хени сындагандарды "кара тизмеге" киргизишкени негиз болгон. Ал тизмеге баш-аягы 10 миңдей адам, көбүнесе маданият тармагынын кызматкерлери киргизилгени белгилүү болгон.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо