ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 2-июлдан 8-июлга чейин

№817 29-юинь -5-июль, 2018-ж.


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат

 

КОЙ (21.03-20.04)
Турмуш тиричиликке байланыштуу суроолоруңуз кайсы бир деңгээлде сиз ойлогондой чечилет. Азыраак өлчөмдө акча болушу мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакындарыңыз, кошуна, өнөктөштөр менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Сапарга чыгасыз же жагымдуу кабар угасыз. Курч айтышуулар орун алышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Колуңузга акча тиет. Андыктан эртерээк ойгонуңуз. Кесиптештердин сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Жакындарыңыз, кошуналар менен түшүнбөстүктөр болот. Көзөмөл органдарынан оолак болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизге көңүл бурушат, кадыр-баркыңыз жогорулайт. Айрыкча сүйгөнүңүздүн, балдарыңыздын, өнөктөштөрдүн сый-урматына ээ болосуз. Чыгымдын чыгышы же акча муктаждыгы ойлондурат.


АРСТАН (23.07-23.08)
Үй-бүлөлүк, каржы маселелер жакшы чечилет. Купуя аракеттердин астында ийгиликке жетишесиз. Сизге жашыруун болуп келген нерсе ачыкка чыгат. Күтүүсүз каршылыктарга дуушар болосуз, курч айтышуулар күтүлөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дос, өнөктөш, туугандар менен сүйлөшүүлөр, кездешүүлөр болот. Маанилүү нерселерди талкууга аласыздар. Жумушта токтоо болуңуз. Жашыруун душмандардын кылтагына илинүүдөн сактаныңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кесиптештер, жетекчилик, өкмөт адамдары менен жакындан мамиле жасоого аракет жасаңыз. Алардын колдоосу жаман болбойт. Капчыгыңыздын кампайышы да күтүлүүдө.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Көзөмөл органдары, башка шаардык адамдарга ишеним менен карасаңыз болот. Алар менен өз ара жакшы тил табышасыз. Кесиптеш, өкмөт адамдары, жакындарыңыз менен баарлашууда токтоо болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Киреше кириши күтүлүүдө, капчыкты даярдаңыз. Ал кирешенин аз же көп өлчөмдө болушу сиздин купуя аракеттериңизге жараша болот. Бир туугандар, көзөмөл органдары, башка шаардыктардан абайлаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Адамдар менен алакалар жакшырат. Таанышуулар болот. Курбу, жакындарыңыздын колдоосуна ээ болосуз. Акча муктаждыгы жаралат. Чыгымдын чыгышы күтүлөт. Буюмдарыңызга, капчыгыңызга сак болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жумушуңуз сиз ойлогондой жүрөт. Кесиптештер, өкмөт өкүлдөрү сизди колдошот. Азыраак өлчөмдө акчага ээ болосуз. Агрессивдүүлүктү ооздуктаңыз. Антпесеңиз адамдар менен тез урушуп, мамилелерди бузуп аласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада балдарыңыздын ийгилиги сизди кубантат. Башка шаарда жашаган балдарыңыз келет же сиз аларга барасыз. Сүйгөнүңүз кубантат. Душмандардан сак болуп жумуш, ден соолукка көңүл бөлүңүз.алыс болуңуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо