ЖЭБ БОЮНЧА АУДИТОРЛОР КЫТАЙГА КАЙРЫЛЫШАТ

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө иштери боюнча Кытайдын Эсеп палатасына кайрылат.

Бишкекте 4-июль күнү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн жогорку аудиттик жетекчилеринин жыйыны башталды. Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишин иликтөөдө айрым документтер жетишсиз экендигин, кыргыз аудиторлору ТВЕА компаниясынан керектүү документтерди ала алышпаганын айтат. Андыктан Кытайдын Эсеп палатасынын башчысы Ху Зеджунга кайрылып, керектүү документтерди берүүнү өтүнөрүн билдирди.

Эске салсак, кытайлык ТВЕА компаниясы 386 миллион долларга жаңылаган Бишкек ЖЭБинде ушул жылдын январь айында өндүрүштүк кырсык орун алып, борбор калаа бир нече күнгө жылуулуксуз калды. Бул өндүрүштүк кырсыкты иликтөө ЖЭБ кантип жаңыланган деген суроолорду жаратып, натыйжада каражаттар жана кызматтар базар баасынан бир нече эселеп кымбат көрсөтүлгөн деген жыйынтык келип чыкты. Бул иш боюнча «коррупция» жана «шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев, Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку Энергектика министри Осмонбек Артыкбаев, экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир нече адам тергөө абагына камакка алынган. Бир нече айга созулган иликтөө, талкуулардан соң 386 миллион долларды Кытайдын "Эксимбанкы" кытайлык ТВЕА компаниясына которуп, ал компания ишти аткарганы, бирок кредитке келген акча кантип коротулуп жатканы боюнча Кыргыз тарапка отчёт бербегени, бул шарттар келишимде көрсөтүлгөнү коомчулукка ачыкталды. Учурда камакта отурган мамлекеттик жогорку кызмат адамдары өлкөнүн кызыкчылыгына төп келбеген келишимди түзгөнү боюнча да элдин сынына кабылып жатышат.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо