ЖЭЭНБЕКОВ БАБАНОВдун УУЛУНА АЛТЫН СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРДЫ

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады. Өлкө башчы бүтүрүүчүлөргө ийгилик, кең келечек каалап, билимдүү жаштар барда бакубат жашоо келерин айтты. «Мамлекеттик саясаттын негизгиси сапаттуу билим берүү. Дүйнө өнүгүп жатат, ошол дүйнөгө биз билимибиз менен гана атаандаштык жарата алабыз. Алдыга койгон максатка бир гана билим менен жетүүгө мүмкүн. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, балдарым, сиздердин келечекте бийиктиктерге жетишиңиздерди каалайм»,- деди өлкө башчысы.

Быйылкы жылы «Алтын сертификатка» 66 окуучу татыды. Алардын катарында президенттик шайлоодо Жээнбековго башкы атаандаш болгон Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов да бар. Өмүрбек Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго баласын куттуктаганы үчүн ыраазычылык жазып чыкты.

Жалпысынан 45 миң 607 окуучу жалпы республикалык тест тапшырган, алардын орточо баллы бул жылы 119,4 болду, өткөн жылы бул көрсөткүч 117,8 болгон. 110 баллдык босогодон өткөн окуучулардын саны 26 миң 180ди түзүп, алар өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо