-

Өлкөдө июлда күйүүчү-майлоочу
МАЙДЫН БААСЫ ӨЗГӨРБӨЙТ. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирет.
-
«МАНАС ЭПОСУ» араб тилинде басылып чыгат.
-
Сербиялык режиссёр ЭМИР КУСТУРИЦА Айтматовдун чыгармасынын негизинде кино тартат.
-
Кыргызстанга жыл башынан бери 504 миң 500 тонна МУНАЙ ЗАТ ИМПОРТТОЛДУ. Өлкөгө 234 миң тонна бензин, 270 миң 500 тонна дизелдик отун ташылып келинген.
-
3-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жарды-Колот айылында КАТУУ ЖААГАН ЖААНДАН улам сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады.
-
Ысык-Көлдөгү сегиз пансионат ТУРИСТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУГА даяр эмес. Алар экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бербейт.
-
2-апрелден 1-июлга чейин 214 миң 192 киши УНААЛАРЫН кайра каттоодон өткөрүштү.
-
Бишкектеги балдар бакчасына электрондук кезек аркылуу 1 миңден ашуун НАРИСТЕ кабыл алынды. Апрелдин акырында 4 миңдей кезек күткөн жарандар болгон болсо, учурда алардын саны 9 миңден ашат.
-
АЙБЕК КАДЫРАЛИЕВ Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан бошотулду.
-
Чувашияда болгон жол кырсыгынан 3 Кыргыз жараны КАЗА БОЛДУ, экөөсү 5-6 жаштагы балдар.
-
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда КҮЙДҮРГҮНҮН айрым белгилери менен ооруканага жаткандардын саны 11ге жетти.
-
Кыргыз жерине көчүп келген ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫН он сегизи Ооганстанга жөнөштү. Памирлик кыргыздар жайкы эс алуу башталганда эле Ооганстанга барып, жакындары менен көрүшүп келүүнү суранышкан.
-
Экономика министринин орун басары болуп эмгектенип келген АЛМАЗ САЗБАКОВ Кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБдеги атайын өкүлү болуп дайындалды.
-
Лейлекте МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙ ӨРТТӨНҮП, төрт киши жаракат алды. Станциянын кеңсеси, 4 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйдү.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg