Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АТАЙДЫ ОБУ ЖОК КЫЗГАНГАНЫМДЫ ЭСТЕСЕМ КҮЛКҮМ КЕЛЕТ»

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

Турмуштун кыйынчылыгын жеңип, эл көзүндө да үлгүлүү үй-бүлө катары жашаш ар бир адамдын колунан келбей да калат эмеспи. Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшов 44 жылдан бери ээрчишип, эриш-аркак келе жатышат. Бир уул, бир кызды, 2 неберени тарбиялап жаткан чоң эне, чоң ата менен артта калган күндөргө саякат жасадык.

– Артта калган күндөргө кылчаялы. Баш кошкон күнүңүздөр эсиңиздердеби?

Атайбек Бөдөшов: – 1974-жылы. Датаны нике күбөлүгүнөн караш керек.

Каныкей Эралиева: – 1974-жылы, июнда.

– Атайбек агай, таанышканда Каныкей эже кандай кийинип жүргөн?

А.: – Каныкей Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына 8-классты бүтүп келген, ак бантик, ак кофта, кара юбка кийип алыптыр. «Бул жер силерге мектеп эмес, башкача кийингиле» дегеним эсимде.

К.: – Ооба, юбка, кофта кийип жүрсөм керек. Атай экөөбүз чогуу окудук. Ошондон улам мамилебиз жакшы болуп кетти, менин ырларымды ал аккордеондо ойноп берчү. Кыз-жигит катары эки жыл сүйлөштүк. Киного чогуу барчубуз, чогуу ырдачубуз. Анда мен 18де, Атай 23тө болчу. Бизде атайын кыз-жигит катары жолугушуу деген жок. Жашаган жатаканабыз бир, түшкү тамактанууга да чогуу барчубуз.

– Баш кошууңуздарга ата-энеңиздер каршы чыккан жокпу?

А.: – Биз үйлөнөбүз дегенде экөөбүздүн тең ата-энебиз каршы чыкты. Каныкей Нарындан, мен Аксыданмын. Ал кезде түндүк менен түштүк куда болот десе чалкасынан кетишчү.

К.: – Кайын журтум, биринчиден, бизди жаш дешти, экинчиден, ал кезде Оштун эли түндүктүктөрдү аркалык деп көп жактырышчу эмес. Ата-энелерибиздин каршы болуусуна моюн сунган жокпуз. Шаан-шөкөтү жок эле үйлөнгөнбүз. Турмушка чыкканда кием деп көк шайы көйнөк тиктиргем. Аэропортто шайы көйнөгүм менен жүрсөм, бир эже «түштүктө жакын адамы өлгөндөр көк киет» деп чечтирип салган. Андан кийин кандай көйнөк кийдим, эсимде жок. Баш кошкон соң айылда 1 ай жүрдүк.
3 күн ага-тууганды чакырып той бердик. Кайнатам, анан дагы бир аке Ак-Талаага барып ата-энемдин алдынан өтүп келишкен. Таенем эски адам да, кудаларды үйгө киргизбей көпкө сыртка калтырайын деген экен, атам болбой дароо үйгө киргизип жибериптир. Атам «Мага калың бербей эле койгула. Болгону кызым окуусун таштабасын» деп сураныптыр. Биз 2-курста окуп жатканда үйлөндүк. 3-курста уулубуз төрөлдү, аны кайненем бакты. 4-курста кызым төрөлдү, аны апам бакты. Ошентип эки балам эки жакта өстү. Болбосо бала менен окуш кыйын болот экен. Азыр студенттердин үйлөнгөнүн уксам эле «кантип окушат?» деп сарсанаа боло берем. Кайненем сатып берген бир көйнөк менен окуумду бүткөм. Мугалимим мамлекеттик экзамен болуп жатканда эч кимге угузбай «Каныкей, башка көйнөгүң барбы?» деп сураганы эсимде. Бар десем «өх, ошентсең» деген эле.

– Жаңы үйлөнгөндө кызык окуялар баштан өтсө керек...

К.: – Өзүм 18де болсом, тергегенди кайдан билем? Бир баланы жакшы көрүп «атың ким?» деп сурап, атың жакшы турбайбы деп койсом, ал апасына «мени атымдан айтып жатат» деп айтып барыптыр. Анан чоңдор чогулуп алып «уул-кыз деп терге, бизде атынан айтпайт» дешти. Кыскасы, жаштыгымдан далай чокуга жедим.

Бир жолу эки жеңем «айылчылап келебиз» деп мени ээрчитип алышты. Алдымдан киши чыга калса эле экөө «ий, баланча аке келе жатат» деп мени жашыра калышат. Көрсө, мени отко киргизмейин алар көрбөш керек экен.

А.: – Студент кезде окуу жайда кароолчу болуп иштечүмүн. Бир жолу директор келип текшерсе класстардын баары ачык. Биз болсо кечинде дайыма чогулуп алып ырдачубуз. Агай эртеси мени чакырып алып аябай урушту. Мага болушуп Каныкей деле бирдеме деп жатат. Анан агай экөөбүздү тең тилдеди. Азыр ал агайыбыз биз менен сыймыктанып калат. Ачка да, ток да күндөр болду. Кээде акыркы акчабызга киного кирип, курсагыбыздын курулдаганын тыңшап отуруп калчубуз.

– Батирден батирге көчүп жашадыңыздарбы же үйүңөр бар беле?

К.: – Үйлөнгөндөн кийин бир орустун үйүнө барып бир түнөдүк. Темир жол жакта болуш керек эле. Кожоюндары урушчаак, иттери дагы ажылдайт экен. Бир айдын акчасын төлөп койгонбуз да, кетебиз десек андан кемитип берди. Андан чыгып дагы бир үйгө барып 1-2 түнөдүк, дагы акчабыз кемиди. Анан Кызыл-Аскер кичи районундагы чал-кемпирдин үйүнө кирдик. Алар оорукчан экен. Үйдүн полун аптасына 2 жолу жууйм, короону шыпырабыз, дааратканасын тазалайбыз да, айына 30 сом төлөйбүз. Ошол жерде бир жыл жашадык. Андан кийин ата-энем үй сатып беришти. Ошол үйдө 11 жыл жашадык. Кийин өкмөт 3 бөлмөлүү батир берди.

– Бири-бириңиздерге биринчи берген белегиңиздер эсиңиздердеби?

А.: – 8-Мартта пластмасса гүл бергем, азыр үйдө турат. «Өскөн гүл берсем ошондо эле жок болмок» деп калам.

К.: – Мен 23-февралда нейлон ак көйнөк алып бергем.

– Үй-бүлө кургандан кийинки ортодогу таарыныч эмнеден улам болгон?

А.: – Үйлөнө электе Каныкейдин кызганчаактыгы билинген эмес. Үйлөнгөндөн кийин «эмнеге тигинин жанына турдуң? Казак кыз сенин жаныңдан чыкпай калды» дей берип ошондон уруш чыкчу.

К.: – Кызганычтан да, мен ар кайсы кыздан эле кызгана берчүмүн. Азыр эстесем аябай күлкүм келет. Ал балалык учур экен.

Жаш өткөн сайын бири-бириңди аяп каласың. Таарынышууга, урушууга бизде убакыт жок. Жумуш, неберелер менен алышмай.

– Рахмат маегиңиздерге, бар болуңуздар.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Каныкей Эралиева: "Ата-энемдин түштүккө бербейбиз дегенин укпай, жолдошум экөөбүз үйлөнүп алганбыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(14)
10.07.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Маек деген ушундай болсо,нары кызыктуу ,нары маанилуу. Эженин унундой ун жок,накта профессионал алдамдар. Уй булолук бакыт каалайм,оорубаныздар!
Nanei түзөттү 2018-07-10 11:16:02
SUPER.KG видео
10.07.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ортолорунда сый-урмат бар үчүн бизге үлгү. Биринчи кезекте эле бири-бирин сыйлап, түшунгөндү үйрөнүш керек экен.
10.07.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Улгулуу инсандар!Динара тилекеева деген ушулардын кызыбы?чогу клип тартканго.
10.07.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Маек деген ушундай болсо, эч кандай чет жери жок, конкурсун айтпай эле жонокой маек. Айчуроктой болбой)))) Азаматсыздар, бактылуу болунуздар.
10.07.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Fortuna1987,ошо,мен айбай ыймандуумун,жакщы тарбия коргондуктон калп айтпайм,бироону алдавайм,чет жак а баргам ырдап аны муну деген созду ар бир интервью сунда айтып чышат
10.07.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nanei,апей де,ал эжекен каяктык экенин унутуп калдынарбы)))
10.07.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сиздердин суйуу баяныныздарды кутуп каламын "Суйуу баяны рубрикасынан"
11.07.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баары бир эскинин адамдары башкача. Кыйынчылыкты коргон адам дайыма бир кылкада журот. Сонун маек болуптур. Койногуну мугалими сураганы кызык экен)
SUPER.KG видео
13.07.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдалып бутпойт махабат дегени кечээги эле да_(( Ага чейинки Бал кымыз, Акыркы конгуроо, Жаны жылды тосолу деген да бир кыйла шедеврлери бар эженин_))
Журналисттер-жаштар, окугулачы!!!
13.07.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун маек болуптур, жакты мага да. Жонокой, маанилуу да чындык жыттанган ,
SUPER.KG видео
14.07.2018. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана керемет ун, ырдаса создун гулун терип, улуу мун, жаш муун деп болбогудой кылып керемет ырларды жараткан. Бул эженин ырлары жаш кары дебей эл ичине синип, азыркы убака чейин популярдуулугун жоготпой келуудо.

Омурунуздор узун болсун...

Кээбироолор кокурокторун кагып, "ой ким угат, деги кимдер учун ырдап жатам" дебестен жаш балдар мн мааниси жок сандырак создору мн дует ырдап чыкса кыжырын келет экен.
Айтпасам да белгилуу да...
14.07.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Училищеге бантик тагынып келгени жакты. Ошол кездеги адамдар кандай таза,баео келишкен
17.07.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей эже, Суйунбай Эралиевдин кызыбы?, а Суйунбай атабыз таластан эмеспи ( Каныкей нарындан деп айтыптыр го)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо