ЫСЫКТАН САКТАНУУ ЖОЛДОРУ

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

АПТАПТАН ӨЗҮҢДҮ ЖАНА ҮЙДӨГҮЛӨРДҮ САКТА!

ЖАЛПЫ КЕҢЕШТЕР
Узакка күндө жүрбөө керек. Өзгөчө күндүзгү саат 11ден кечки 5ке чейин. Күндүн ысыгынан өзгөчө сактануулары керек: инсультка, инфарктка кабылгандар, онкологиялык, жогорку кан басым, ишемия жана стенокардия оорусу барлар, семиз адамдар.

Күн катуу тийген убактарда коомдук унааларда жүрүүдөн качуу.


Көчөдө көлөкө жер менен жүрүүгө аракеттенүү, убак-убагы менен кондиционери бар имаратка (мисалы, дүкөн, супермаркет) кирип сергүү.


Ичимдиктен, тамеки чегүүдөн баш тартуу.



Физикалык кыймылды азайтуу.



Имаратта кондиционерди 18-20 градустан төмөндөтпөө (суукка урунуп калбоо үчүн), кондиционерден алыс отуруу.


Имаратта кондиционер жок болсо, анда желдеткичти колдонуу. Аба салкындасын үчүн анын алды жагына суусу бар идишти коюу.



Душка көбүрөөк түшүү (бирок суу өтө муздак эмес болушу шарт).


КИЙИМ

Табигый материалдардан (пахта, зыгыр жана башка) жасалган жука жана ачык түстүү кийимдерди кийүү.

Баш кийим кийүү.

Ийиндери ачык көйнөктөрдүн үстүнөн жука жеңил жамынманы жамынуу.

Калдарды (мең) кийим менен жабуу.


ТАМАК-АШ

Сунушталбайт:

Куурулган, майлуу, ышталган, таттуу жана кеч сиңүүчү тамактар, бат бузулчу кошулмасы бар азыктар (мисалы, кремдүү пирожный жана торт).


Сунушталат:

Суусундуктар: көк жана кара чай, жемиштер менен даярдалган чайлар, квас, компот, суу, газдалбаган минералдык суу, таттуу эмес ширелер (суу кошуп ичүү керек). Кыскасы, 1 күндө 2-3 литр суюктук ичүү сунушталат.

Жашылча-жемиштер, ботколор, майлуу эмес эт, балык, сүт азыктары, муздак суюк тамактар (мисалы, окрошка).

Көчөдө өзү менен кошо суусундук алып жүрүү.

Көп тоюп албай, аз-аздан, бирок бат-баттан тамактануу.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Аномалдык аптап. Ысыкта кофе, газдалган суусундук дагы эмнелерге чек коюш керек?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(3)
17.07.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандайча калды жабуу керек?


Негизи ушундай ысыкта маршрутка тушконуно окунуп кетесинго, пробка болсо деги эле олдун,айрыкча ысыкта кычашкансып кочолорду ондойбуз деп жаап алып пробка жаратышат,а ичиндеги элдерге эле кыйын
17.07.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98, Жука кийим мн жабуу кк дейт.
17.07.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кал дагы рактын белгими дпшчи беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо