АПТАПТАН МАШИНАНЫ САКТОО

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

Автосервистен ысытууга жана муздатууга тиешеси барлардын баарын (муздатуучу суюктук, желдеткич, помпа, радиатор, термостат) текшертип алыңыз. Машинаны көлөкөгө токтотуңуз (көлөкө улам жыларын эске алыңыз).

Профилактика

  • Бензонасосту нымдуу чүпүрөк менен жабуу.
  • Күйүүчү май насосун жоон асбест жиби (шнур) менен ороп чыгыңыз. Аны суулап алсаңыз жакшы.


Көз салыңыз:

  • Радиатордун тазалыгына;
  • Термостаттын бузулбагандыгына;
  • Кыймылдаткычтагы майдын деңгээлине;
  • Кеңейтилген бачоктогу муздатуучу суюктукка.

Фирмалык гана тосолду/антифризди колдонуңуз.


Калтырбаңыз:

  • Жабык машинада аз убакытка да балдарды, улгайгандарды, орулууларды, үй жандыктарын калтырбаңыз;
  • Салондо ысыкта жарылып кетүү коркунучу бар буюмдарды: зажигалка, аэрозоль баллончик жана башкаларды калтырбаңыз. Алар жарылып кетип, өрт чыгышы мүмкүн.


Бензонасостун ысып кетүүсү
Эмне кылуу керек?

  • Машинаны токтотуп, капотту ачуу, бензонасоско суудан куюу же ага ным чүпүрөктү жаап, муздаганча күтүү;
  • Автосервиске баруу.


Кыймылдаткычтын ысып кетүүсү
Эмне кылуу керек?

  • Кыймылдаткыч ысып кетсе, машинаны токтотуп, капотту ачып, муздагыча күтүү керек. Кеңейтилген бачокту ачпоо керек!
  • Автосервиске кайрылыңыз!


Ысык өтүп кетсе
Ысык өтүп кетсе (алсыроо, баш ооруу, көңүл айлануу жана башка) машинадан түшүп, көлөкөдө жатыңыз, отуруңуз;

  • Бетиңизди жана көкүрөгүңүздү суу менен жууңуз;
  • Абалыңыз оорлошуп баратса, «Тез жардам» чакырыңыз.


Салон өтө ысып кетсе
Ысыкта турган машинага кайтып келгенде:

  • Терезелердин баарын түшүрүп, салонду желдетиңиз;
  • Кондиционерди иштетиңиз (кубаттуулугун акырындан жогорулатып);
  • Салонду муздаткандан кийин андагы температураны 24 градустан жогору ашырбай кармаңыз.


САЛОНДОГУ ТЕМПЕРАТУРА 55-60 ГРАДУСКА ЧЕЙИН ЖЕТҮҮСҮ МҮМКҮН

Күн нурлары бөлүп чыгарган жылуулук машинанын салонунда (көлөкөдө эмес, күн тийген жерге токтотулган) бат топтолуп, салон
өтө ысып кетет.

Убакыт Тышта Ичте

0 мүнөт 270 (градус) 270 (градус)

10 мүнөт 270 370

20 мүнөт 270 430

30 мүнөт 270 480

50 мүнөт 270 490

60 мүнөт 270 510


АЙДООЧУГА КОШУМЧА ЭСКЕРТҮҮ!

Жайдын аптаптуу күндөрүндө алыскы жолго чыкпай койгон жакшы. Эгер чыгууга аргасыз болсо, анда айдоочу убак-убагы менен эс алып, тамактанып, уктап, анан жолду улантуусу керек.

Салон салкын болуусу үчүн кондиционерди иштетүү кажет. Болбосо салондогу думуктурган үп адамдын абалын начарлатат, адам өзүн жакшы сезбей баштайт, психологиялык негативдүү реакцияны чакырат, көңүл бурууну, ойлоону төмөндөтөт, адам бат чечим кабыл ала албай калат. Жол кырсыктарынын болуусунун бир себеби дал ошол салондогу үп.

Айдоочу жанына суусундукту жана валидол, корвалол (нервди тынчтандыруучу каражаттар, стрессте колдонулат), нитроглицеринди (жүрөктүн стенокардия оорусу кармаганда тилдин астына салса приступ кетет) алып жүрүүсү керек. Жолго чыгарда жана жолдо жүргөндө майлуу, туздуу тамак-аш жебеңиз! Майлуу тамак уйку келтирсе, туздуу тамак суусатат.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо