СЫРТТАН ТАШЫЛЫП КЕЛГЕН АВТОУНААЛАРГА БАЖЫ АЛЫМДАРЫ ТӨМӨНДӨТҮЛДҮ

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

Өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн төмөндөтүү тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул токтомго ылайык, бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу унааларга бажы алымдар жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы көрсөткүчкө чейин төмөндөтүлөт. Ал эми гибриддик кыймылдаткычтуу унааларга 1 сантиметр куб үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларга чейинки өлчөмдө бажы алымдары төлөнөт. Электромобилдерге карата бажы алымдар жана салыктар төлөнбөйт. Бул жаңы эрежелер эскирген унааларды азайтуу жана электр, гибриддик кыймылдаткычтуу унааларды ташып келүүнү колдоого багытталып, 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан тарта сырттан ташылып келген унаалар үчүн бажы алымдары жыл сайын көтөрүлүп келе жаткан. Экономика министрлиги ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргыз өлкөсү 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар деп негедир эми билдирди. Анда 3 жылдан бери бажы алымдары эмне үчүн көбөйтүлүп жаткан, канчалаган ишкерлер тарткан чыгашаны ким калыбына келтирип берет деген суроо жаралууда.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо