БИР БҮРКҮМ. ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА КҮНДҮЗҮ ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ...

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

  • 2018-жылдын башынан бери өлкө аймагында 57 киши СУУГА ЧӨГҮП каза болду.
  • Бишкекте манасчы ЖУСУП МАМАЙдын 100 жылдыгына арналган эстелик тургузулат.
  • Жарандык активисттер күзүндө СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВдон жылдык отчёт талап кылышат.
  • III Дүйнөлүк КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ачылыш жана жабылыш аземинин билеттери сатыкка чыкты. Ачылыш аземине билеттер 400 сомдон 4900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземи 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылат.
  • 1-сентябрга чейин ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейинки убакта Кыргызстандын жолдорунда жүрүүгө тыюу салынат.
  • Хан-Теңири тоосунда аскердик тик учак КЫРСЫККА КАБЫЛЫП, 4 киши жарадар болду.
  • Кыргызстандагы 14 чарба кокон гиласты Кытайга ЭКСПОРТТОЙТ.
  • ГУЛАМЖАН АНАРБАЕВ Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
  • Калкты жана ТУРАК ЖАЙДЫ КАТТООГО АЛУУНУ 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүү пландалууда.
  • 2018-жылга карата Мамлекеттик БААЛУУ КАГАЗДАРДАН казынага түшкөн киреше 12 миллиард 16 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
  • 2018-жылдан тарта өлкөдө малдардан 27 КУТУРМА ООРУСУ аныкталган.
  • 11-июль күнү Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен ЖЕР ТИТИРӨӨ орун алды. Силкинүү Токтогулдун Көк-Бел айылында 3,5 балл, Токтогул шаары менен Торкент айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 балл болуп сезилген.
  • Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдын 1-жарым жылдыгына карата өлкөдөгү орточо АЙЛЫК АКЫНЫН ӨЛЧӨМҮ 15 миң 397 сом (чакан ишканаларды эсептебегенде) деп жарыяланды.
  • «Манас» эл аралык аба майданы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1 МИЛЛИОН 660 МИҢ 875 КИШИНИ ТЕЙЛЕГЕН.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо