БИР БҮРКҮМ. 2018-ЖЫЛЫ 24 ЭНЕ ТӨРӨТТӨН КАЗА БОЛГОН...

№820 20-июль -26-июль, 2018-ж.

  • Орусия жыл сайын Кыргыз өлкөсүнүн ЖОЖдоруна 2 миңден ашуун ГРАНТТЫК ОРУН бөлөт.
  • Жыл башынан бери КЫРГЫЗ АВИАКОМПАНИЯЛАРЫ 647 миң 690 жүргүнчүнү ташыган. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.
  • Жыл башынан бери 54 аскер адамы КЫЗМАТТЫК БАТИРГЕ ээ болушту.
  • Жыл башынан бери Кыргыз мамлекетинде ТӨРӨТТӨН КАЗА БОЛГОН энелердин саны 24кө жетти.
  • КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАЙДЫН баасы акыркы 6 ай аралыгында 8,3 пайызга өстү.
  • Балбан АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА күрөш боюнча Испанияда эл аралык турнирде алтын медаль жеңип алды.
  • Кыргыз өлкөсүндө катталган КЫЛМЫШТАРДЫН 43,3 пайызы Бишкекте болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек ШИИББинен билдиришти.
  • Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургуну КУТУРГАН ИТ ТИШТЕГЕНДЕН улам каза болду.
  • Жыл башынан бери Кыргыз жерине 121 мекендешибиздин СӨӨГҮ ЖӨНӨТҮЛГӨН.
  • Чүй ОИИББинин билдирүүсү боюнча, спортчу РУСЛАН АБАСОВдун жана КАМИЛА ДҮЙШӨБАЕВАнын өлүмүнүн бети дале ачыла элек.
  • Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО UFC уюмунда 8-сентябрь күнү чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөт.
  • Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Суран жайлоосуна чагылган түшүп, 44 КОЙ ӨЛДҮ.
  • Бишкекте КОМСОМОЛ менен ПИОНЕР көлүнө гана түшүүгө расмий түрдө уруксат берилген. Аталган жайларда гана куткаруу топтору иштеп жатат.
  • Улуттук статистика комитетинин билдирүүсү боюнча 2013-жылдан 2017-жыл аралыгында МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ 47 миллиард 489 миллион сомго көбөйгөн.
  • Жыл башынан бери ЖОЛ ТАРМАГЫН КАРЖЫЛООГО кеткен каражат 1 миллиард 654 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясында маалымдалды.

    Адилет Керимбек уулу
    politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо