МУРАТБЕК БЕГАЛИЕВ МЕНЕН МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ЧЫРЫ ЭМНЕДЕ?

№820 20 - 26-июль, 2018-ж.

Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев «Кыргыз Эл баатыры» наамына көрсөтүлбөй калды. Буга маданият ишмерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча 14-июлда өткөн коллегияда коллегия мүчөлөрүнөн жетиштүү добуш албай калганы себеп. Муратбек Бегалиев бул үчүн коллегиянын төрагасы, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловду айыптап чыкты. Бул боюнча ал оюн super.kg порталына билдирди.

– Мындан бир жарым ай мурда Султан Жумагулов «сизди коллегиянын мүчөлүгүнөн алып салдым, капа болбоңуз» деп телефон чалган. Бирок өкмөт «Бегалиевсиз коллегия өтмөк беле?» деп мени кайра кошуп коюптур. Андан кийин коллегиялар өтүп жатты, бирок мени чакырышкан жок. 13-июлда коллегиянын аксакал мүчөсү чалып «эртең сага наам берүү боюнча отурум болот, келип жакшынакай болуп отуруп бер» деди. Эртеси коллегияда министр Султан Жумагулов мага ар тараптуу кыр көрсөттү. Добуш берүү маселеси каралып жатканда «Кочкорлук белеңиз?» «Кара-Кулжалык эмессизби?» «сиз бул наамды алуу үчүн 5 жылдан кийин орден алышыңыз керек, андан кийин дагы бир орден алышыңыз керек» деп мага асылып, башкача мамиле жасады. Мындай мамилеге чыдабай, ал жерден чыгып кеттим. Султан Жумагулов төмөн баа бергенден кийин коллегиянын бардык мүчөлөрү колдобой коюшту.

Ал эми министр Султан Жумагулов:

– Муратбек Бегалиевди коллегиянын мүчөсүнөн мени алып салды деген кеп калп. Мен жаңыланган курамда композитор жок экенин көрүп, кайра коштургам. Бул үчүн андан кечирим сурап да чалгам. Окуя жарым жыл мурда болгон.

Ал эми композиторду наамга көрсөтүү боюнча жашыруун добуш берүү өткөн. «Кыргыз Эл баатыры» наамы тууралуу менин жеке пикирим бар. Мен өз оюмду добуш берүү учурунда айткам. Искусство, маданият адамдары атак-даңкка кызыгат эмеспи. Искусство адамдары бул наамды өтө сейрек алат экен, ошондуктан татыктуусун өткөрөлү дедим. Коллегиянын мүчөлөрү дагы өз пикирлерин билдирип, Муратбек Бегалиев жетиштүү добуш ала албай калды. Бегалиевдин «Жумагулов коллегия мүчөлөрүн кысымга алды» дегени туура эмес. Эмне, коллегияда отургандар көчөдөн келген кишилер бекен? Алардын дагы пикири болот. Муратбек Бегалиев экөөбүздүн ортобузда конфликт болгон эмес. Ал киши эмне десе дей берсин.

Аталган коллегиянын мүчөсү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору Бактыгүл Норузбаева ал күнкү коллегияны мындайча баяндап берди:

– Султан Жумагулов коллегиянын төрагасы катары өз пикирин айтты. Ал «Кыргыз Эл баатыры» аябай чоң даражадагы наам. Олуттуу карап, жакшылап ойлонуп добуш бергиле» деген. Бул сөз кысым эмес. Өтпөй калгандан кийин Бегалиев «министрлигиңизди кылдыңыз» деп айтып туруп кетейин дегенде, Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов «Коюңуз, добуштар саналып бүтө элек. Күтүп туруп, кол коюп кетиңиз» деп суранды. Бегалиев бир аз отурду да, «кийин деле кол коё берем» деп чыгып кетти. Бул кылыгын биз да түшүнбөй калдык. Жерлик боюнча, ал сөз мага тамаша иретинде айтылган болчу. Бегалиевге тиешеси жок. Ал эми кайсы эмгектери үчүн наамга көрсөтүлүп жаткандыгы бизге тааныштырылбайт.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

Кыргыз Эл баатыры наамына Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Сабира Күмүшалиева, Асанкан Жумакматов, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков жана башка коомдук, маданий ишмерлер ээ болушкан.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
24.07.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык эй кайсы эмгеги учун нааразы болот. Оксук озуно кор козуно алат болуп тамаша созду да бурмалап айтканын кантесин Эми.
25.07.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгондо берип калышат, тируу жанга эч балээ жок..
27.07.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агайга берсе жарашмак. Кайдагы жаштарга берип атат ко?

Министрге тай жетелеп,алдын ала конверт сунсаныз болмок экен.
27.07.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Ал эми кайсы эмгектери үчүн наамга көрсөтүлүп жаткандыгы бизге тааныштырылбайт"-дегени кызык экен. Ар ким эле "Баатыр" болом десе коллегия карай береби, ар бир талапкер коллегияга чейин документтердин топтомун:сунуштама, арыз, эмгектеринин, наамдарынын, сыйлыктарынын ж.б. тизмеси тапшырылат, коллегия ошолорду карап чыгып гана добуштарын берип келген буга чейин, менин билишимче.
29.07.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл Баатыры наамын ырчы-чоорчуларга бербесе эмне болуптур...
29.07.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Короче бул темп менен Кыкен өмүр бою бирин бири көрө албай өтүп кетет ко ов...... Жаштарга үлгү болуунун ордуна кылган иштерин карагыла, аттиң!!!
29.07.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баатыр, интеллигенция деген наамга татыктуу иш кылса бериш керек. Аты бар заты жок нерсенин кимге кереги бар. Апсамат Масалиев, Чынгыз Айтматов, Турдакун Усубалиевдер ЖКнын коридорунда басып бара башка депуттар чегип аткан сигареттин очуруп катчуу экен. Баатыр болсо коомчулукта кандай терс корунуш иштер болуп атса да унчукбай отурат. Оз унун кошуп, терс корунушторду айыптабайбы? Т Сыдыкбеков, Д. Садырбаев, Айтматовдор СССР маалында да кийин кайра жаралуу заманында да ачык да оз пикирин билдиришк
31.07.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чырлары эмнеден экенин билбедимго бирок эл артист композитор ректор болсо кандайча баатыр наамын ыйгарат? Эл баатыры дегенде эл козуно корунгон баатырдык иштери болуш керек го)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо