БИР БҮРКҮМ. ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 38 182 АДАМ СҮЙҮНЧҮ ПУЛ АЛДЫ...

№821 27-июль -2-август, 2018-ж.

  • Бишкектин мурдагы мэри АЛБЕК ИБРАИМОВго мыйзамсыз жер сатуу боюнча “коррупция” беренеси менен дагы бир айып тагылды. Ал буга чейин башка кылмыш иши боюнча камакка алынган.
  • 2018-жылдын 6 айында өлкө бюджетине 1 миллиард 103 миллион сом ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН ФАКТЫЛАР боюнча Каржы полициясы 479 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Сагынбек Абдылдаев билдирди.
  • 6 айда ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУДАН бюджетке 260 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы билдирди.
  • Өкмөт "КООПСУЗ ШААР" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 552 миллион 706 миң 240 сомго тендер жарыялады.
  • Экс-депутат АИДА САЛЯНОВАнын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген үчүнчү жаран кармала электигин ИИМден билдиришти. Буга чейин кылмышка шектелип 2 адам кармалган.
  • УЗАРБЕК ЖЫЛКЫБАЕВ Ош облусунун башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусун жетектеп келген.
  • Быйыл февралда Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУН камакта кармоо мөөнөтү 15-августка чейин узартылды.
  • Парламент депутаты, Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кылмышка шектелип кармалган ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду. Депутатка жакында операция жасалган.
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Нуржан Алапаеванын айтымында, жыл башынан бери 38 182 адам СҮЙҮНЧҮ ПУЛ алды. Бул үчүн 155 миллион 800 миң сом төлөнгөн.
  • Жыл башынан бери өлкөдө 80 адам СУУГА ЧӨГҮП КАЗА БОЛГОН. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Рысбек Жолдошбаев билдирди.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо