БИР БҮРКҮМ. ЭКИ АЮУ КОЛ САЛЫП, 67 БАШ КОЙДУ ЧАЙНАП ӨЛТҮРДҮ...

№822 3 - 9-август, 2018-ж.

  • Бишкек шаарында №2-жаңы ТРОЛЛЕЙБУСТУК КАТТАМ ачылды. Ал Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттайт.
  • Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэр ДАНИЯР АРПАЧИЕВге ишенбөөчүлүк
    көрсөтүү чечимин кабыл алды.
  • КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕРДЕН өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 234 миллион сомдон ашык каражат түштү.
  • III ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА билеттин баасы 400 сомдон 5000 сомго чейин жетерин өкмөттүк аппарат билдирди.
  • Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 30-июлда бир жумалык эмгек өргүүсүнө чыкты. Өлкө жетекчиси Ысык-Көлдө эс алат.
  • Президенттик аппараттын алдында БАЛДАР ҮЙЛӨРҮ системин жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.
  • "Балдарга 6 айга чейин эмчек эмизүү ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮН 25 пайыздан 40 пайызга чейин азайтат",- дейт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев.
  • Кара-Кулжада короодогу койлорго ЭКИ АЮУ КОЛ САЛЫП, 67 баш койду чайнап өлтүрдү.
  • Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 1654 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, ошондой эле 1170 адамды Кыргыз жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
  • Өлкөдө учурда 1171 бейтап ГЕМОДИАЛИЗ жабдуусунун кызматын пайдаланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
  • Ысык-Көлдө таксист ОРУСИЯ ЖАРАНЫН 7 жаштагы кызы менен кошо сабады. Облустук милиция билдиргендей, кылмышка шектүү кармала элек.
  • Бишкекте Ленин райондук сотунун имаратында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокери ӨЗҮН-ӨЗҮ АТЫП каза болду.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо